Чек ара кызматы Тажикстандан аткезчилик менен күйүүчү май ташылганын четке какты

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу каражаттар «ташылып жатат» делген маалыматты четке какты. Мекеме соцтармактарга тараган видеону фейк деп атады.

13-декабрда Баткен облусунун Самаркандек айыл аймагында оор жүк ташуучу унаалар тартылган видео тараган. Анда жергиликтүүлөр унаалар Тажикстандан контрабандалык күйүүчү май «ташып келе жатат» деп божомолдошкон.

Видео: "Турмуш"

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, видеодогу жети оор жүк ташуучу бензовоз «Кыргызнефтгаздын» Кочкор-Ата шаарындагы филиалына Лейлек районунун Арка айылынадагы нефтебазадан чийки концентраттарды ташып кетүү үчүн келишкен. Убакытты үнөмдөө максатында алар Баткен — Самаркандек — Маргун маршруту арылуу жүрүшкөн.

Ведомстводон 15-декабрда бензовоздор Исфана жана Баткен шаарлары аркылуу Жалал-Абад шаарына жол тартаарын белгилешти. Мындан сырткары ишкананын Кочкор-Ата шаарындагы филиалына дагы кошумча 11 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары жолго чыгуусу пландалганын кошумчалашты.

«Автотранспорт каражаттары жана андагы жүктөрдүн баардыгы каттоодон өткөн. Контрабандалык ишмердүүлүкө бөгөт коюу максатында мамлекеттик чек аранын айрым аймактарында ыктыярдуу элдик кошуундун жана компетентүү органдын кызматкерлери менен биргеликте мобилдик топтор иш алып барышууда», — деп билдиришти мекемеден.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу экени айтылды.

21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ошондогу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.

Чек ара жабылган соң жергиликтүүлөр элдик кошуундарды түзүп, эки өлкөнүн ортосунда аткез жүк ташыгандарды кармай башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА: «Силерде намыс жок». Тажикстандан аткез жүк алып өткөндөрдү жергиликтүүлөр уяткарышты