«Антошкадагы» жарылуу. Сот кафенин ээсин күнөөлүү таап, бирок пробация боюнча бошотту

2019-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Анын кесепетинен бир киши каза болуп, 15 киши жабыркаган.

Сүрөт: Анна Капушенко / Клооп

Арадан үч жыл өткөн соң, 2021-жылдын 5-ноябрында Биринчи май райондук соту бул иш боюнча кафенин ээсине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Клооптун» журналисттине соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чечимге ылайык, сот кафенин ээси Абдил Карыпбековду «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» (Жазык кодексинин эски редакциясы) беренеси боюнча күнөөлү деп таап, 2,5 жылга жаза колдонду.

Бирок сот аны пробациялык көзөмөл жөнүндөгү берененин негизинде эркиндикке чыгарды. Аталган көзөмөлдө ал бир жыл болот.

Мындан сырткары Карыпбеков эки жабырлануучуга моралдык кенемте катары 50 миң сомдон төлөп берди.

«Антошкадагы» жарылуудан каза тапкан кыз кафенин кызматкери болгон. Анда ИИМ кафеде газ баллон жарылганын билдирген. Бул окуядан кийин маморгандар Бишкектеги тез тамактануучу жайларды өрт коопсуздугунун сакталышына текшере баштаган.