ЖМК: Кыргызстан Centerra’ны кенде киберкоопсуздукту бузганы үчүн сотко берди

Кыргызстан канадалык Centerra Gold Inc. компаниясын Кумтөр кениндеги киберкоопсуздукту жана кызматкерлердин укуктарын бузганы үчүн сотко берди. Бул тууралуу Mining Weekly басылмасы жазды.

Кумтөр кендин карьери. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Алардын маалымат боюнча, доо арызда үстүбүздөгү жылдын май айында бийлик кенге убактылуу сырттан башкаруучу дайындаар алдында, Centerra колдонуучулар менен администраторлордун «Кумтөрдүн» компьютерлерине кирүүсүнө бөгөт койгону айтылат.

Басылма кошумчалагандай, мындан кийин УКМК бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Centerra’нын бул кадамы биздин кызматкерлердин укуктарын жана коопсуздугун одоно бузуу менен Кыргызстандын мызамдарын көзгө илбестикке жатат», — деп жазат Mining Weekly гезити «Кумтөр Голд Компанинин» жумушчулар профсоюзунун жетекчиси Калысбек Рыспаевдин айткандарын келтирип.

Centerraнын өзүндө Кыргызстандын бийлиги кенди «басып алуу» фактысынан коомчулуктун көңүлүн буруп кетүүгө аракет кылып жатат деп эсептешет.

«Кыргызстандын бийлиги дагы деле “Кумтөр” кенине жашыруун полиция жөнөтүп, аны басып алган фактыдан көңүлдү буруп кетүүгө аракет кылып жатат. Биз буга чейин белгилегендей, маморгандар “Кумтөрдүн” айрым кызматкерлеринин компьютерлерин жана сыр сөздөрүн конфискация кылып тартып алганда, Centerra’нын глобалдык IT-системасы уюмдун глобалдык IT-инфраструктурасын жана маалыматтарынын бүтүндүгүн сактоо үчүн колдонуучулардын жеткиликтүүлүгүнө чектөө койгон. Кендин коопсуздук системасы жабыркаган эмес», — деп канадалык компаниянын өкүлдөрү mining.comго айтып беришти.

«Клооп» минкабдан бул боюнча комментарий сураганы менен ал жактан кийинчерээк жооп берүүнү убада кылышты.

Centerra системаны өчүргөнбү?

Кумтөрдүн айланасындагы чуу жана кенди өзүнүн «туунду» «Кумтөр Голд Компани» компаниясы аркылуу иштетип жаткан канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сот териштирүүлөрү уланып жатканына жарым жылдан ашты.17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компания бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп эсептейт. Ошондой эле алар, Бөлтүрүктү сотко беришкен.

Май айынын ортосунда Бөлтүрүк 15-майда Centerra «Кумтөрдүн» ишмердигин камсыздаган программалардын баарына жеткиликти аралыктан бөгөттөп койгонун билдирген.

«Компютердик системанын баары инсталляцияланып, Түндүк Америкада жайгашкан “булутка” которулган. Бухгалтерия, сатып алуулар, техникалык иштер, геологиялык маалымат базасы ошол жерде сакталуу болчу, кеңседе жана кенде эч нерсе жок болчу. Бекап-көчүрүү системасы жөндөлгөн эмес. Бул атайын эле жасалганбы-жокпу билбейм. Бул процессти канадалык Пол Янг жетектеген. Мындан бир жарым жыл мурда эле баары чет жакка чыгарылып кеткен. Мына ушул нерсе бул компаниянын талылуу жери болгон», — деген ал.

Мындан тышкары, ал канадалык компания кен казылылып алынган жана мөңгүлөрдүн кыймылына көз салып турган карьердин боротторунун абалынын мониторинг системасын өчүрүп койгонун билдирген. Ал муну кызматкерлердин өмүрүн коркунучка кептеген «кара санатай кадам» деп атаган. Анын айтымында, бул маселени укук коргоо органдары териштириши керек.

Бирок кийин Centerra Gold компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри Бөлтүрүктүн айткандарын четке каккан. Анын айтымында, компания коопсуздугуна «дайыма өзгөчө көнүл бурган». Кенде өкмөттүн сырттан башкаруучусу пайда болгонго чейин «бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация системалары талапка ылайык иштеп жаткан».

«Элестетүү кыйын, бирок мамлекеттик органдар “Кумтөрдүн” айрым кызматкерлеринин компьютерлерин конфискациялап, сыр сөздөрүн тартып алышканда, глобалдык IT-инфраструктуранын бүтүндүгүн сактап калуу максатында Centerra Gold бардык колдонуучулардын кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон. А бирок борбордук системага кирүү чектелгени менен кендин коопсуздук тутуму, анын ичинде карьердин капталдарын жана мөңгүлөрдү мониторинг кылуучу айрым системалар штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтып берген ал июлда компаниянын коопсуздугу «ар дайым артыкчылыктуу» болгонун белгилеп.

Тема боюнча:

7 эмес, 11 млрд сомдон ашуун. «Кумтөр» бюджетке төгүлгөн акчалар тууралуу