Centerra кыргыз бийлигин «Кумтөрдү» «жалган маалыматка таянып басып алды» деп айыптады

Канаданын Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине кайрылуу жасады.

Компаниянын сайтына жайгаштырылган ачык катта Перри кыргыз бийлиги «кенди жалган маалыматтын негизинде басып алганын жана дагы деле сүйлөшүүгө барууга макул болбой жатканын» жазган.

«Биз Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүнү каалап жатканыбызды ачык эле түшүндүрдүк, бирок алар кандайдыр бир кызматташууга баруудан бир нече жолу баш тартты. Анын ордуна өкмөт өзүнүн негизсиз иш аракетине шылтоо катары биздин кен иштетүүдөгү мурдагы ишмердүүлүгүбүз боюнча жалган малымат таратып жатат», — деп белгилеген Перри.

Анын айтымында, компаниянын кызматкерлери менен дүйнө коомчулугу «чындыкты билиши керек» деп эсептейт.

Экологиялык бузуулар боюнча

Перринин айтымында, өкмөттүн кендеги экологиялык көрсөткүчтөр боюнча билдирүүсү «чындыкка коошпойт». Бардык нормалар сакталган, сырткы башкаруучу киргизилгенден кийинки өкмөт айтып жаткан экологиялык көзөмөл — Centerra Gold Inc компаниясынын иштеринин уландысы.

«“Кумтөр Гол Компани” Кыргызстандын өкмөтү менен макулдашууларга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүп келген. Өкмөт, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоого жооптуу мамлекеттик ведомство жыл сайын биздин планды жана кен казууга болгон укугубузду бекитип келген. Ал эми КГК тиешелүү тартипте иш жүргүзгөн. Азыр кенди өкмөт башкарып жаткан чакта андагы иштер ошол эле план боюнча жүрүп жатат», — деп жазган Перри.

Мөңгүлөр боюнча

Кыргыз бийлиги канадалык инвесторлорго экологиялык талаптар аткарылбагандыктан мөңгүлөр эрип жатат деген дагы бир айыптоолорду коюп жатат.

«Кумтөр Голд Компанинин» басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө мөңгүлөрдүн эрип жатышынын ушул эле версиясын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Динара Кутманова кен жайы менен өндүрүшкө чет элдик элчилерди экскурсияга алып барганда айтып берген.

«Мөңгүлөр “Кумтөр” кени казылып баштаганга чейин эле эрип баштаган. Бул Кыргызстандын жана дүйнөнүн бардык эле бийик тоолуу аймактарынын мөңгүлөрүнө мүнөздүү көрүнүш. Ага климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатат. Иштетилген тоо текти Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөрдүн үстүнө төгүү Кыргызстандын мурдагы өкмөттөрүнүн макулдугу менен колдонулуп келген, бирок 2014-жылы мындай практика токтотулган болчу. Андан бери биз чогу утилизация болбосун деп иштетилген тоо текти муздан ажыратып келебиз» — деп баса белгилеген Перри.

Тема боюнча: Акылбек Жапаров журналисттерди Кумтөр боюнча иликтөөгө көмөктөшүүгө чакырды

Жок «тутумду өчүрүү боюнча»

Перринин айтымында, компания коопсуздугуна«дайыма өзгөчө көнүл бурган». Кенде өкмөттүн сырттан башкаруучусу пайда болгонго чейин «бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация системалары талапка ылайык иштеп жаткан».

«Элестетүү кыйын, бирок мамлекеттик органдар “Кумтөрдүн” айрым кызматкерлеринин компьютерлерин конфискациялап, сыр сөздөрүн тартып алышканда, глобалдык IT-инфраструктуранын бүтүндүгүн сактап калуу максатында Centerra Gold бардык колдонуучулардын кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон. А бирок борбордук системага кирүү чектелгени менен кендин коопсуздук тутуму, анын ичинде карьердин капталдарын жана мөңгүлөрдү мониторинг кылуучу айрым системалар штаттык режимде иштеп жатат», — деп түшүндүргөн ал.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү дайындаган сырттан башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк Centerra Gold кен казылып алынчу карьердин капталдарынын абалын мониторинг кылуучу жана мөңгүлөрдүн кыймылына байкоо салуучу системаны өчүрүп койгонун айткан. Ал муну кызматкерлердин өмүрүн тобокелге салган «карасанатайлык кадам» деп баалаган.

*Centerra Gold өзүнүн 17-майда жасаган билдирүүсүндө «Кумтөрдүн» Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин Centerraнын IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн токтоткондугу тууралуу жана бул кадам «ар кандай уруксатсыз кийлигишүүгө жол бербөө» үчүн жасалганын кабарлаган. Бирок Centerraнын арызында көрсөтүлгөндөй, компания кендин коопсуздук системасын, мониторинг жана эксплуатациясынын ишмердүүлүгүн токтоткон эмес. Алардын билдирүүсү боюнча өкмөт алтын кенге келгенге чейин система эч кандай үзгүлтүксүз иштеген.

Эсептерге бөгөт коюу боюнча

Перри «Кумтөр Голд Компанинин» банктык эсептерине бөгөт коюу маселесине дагы токтолгон. Буга чейин сырттан башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» өзүнө таандык 1,7 млрд доллар каражатка дагы жеткилигин жоготкон.

«Centerra аларга коюлган дооматтарды мойнуна алып, кен иштетүүдө Кыргызстанга тең укуктуу өнөктөш катары мамиле кылмайынча сүйлөшүүлөр болбостугун» айткан.

Бирок Перринин айтымында, бөгөт коюлган сумма Бөлтүрүк айткандан кыйла азыраак.

«Теңгиз Бөлтүрүк бизди “Кумтөр Голд Компанинин” 1,7 млрд долларына жеткиликти жаап салды деп айтып жатат. Бул калп. Чындыгында, 2021-жылдын 30-апрелине карата КГКнын банктык эсебинде 17,1 млн доллар гана бар болчу, ал каражат кенди эксплуатациялоого байланышкан күтүүсүз чыгымдарды төлөөгө арналган. Кендеги бир жуманын орточо чыгымы 16,2 млн долларды түзөт, анын ичинде 4000ден ашуун штаттык кызматкерлердин, жалданма жумушчулардын айлык маянасын төлөө, ошондой эле жүздөгөн жергиликтүү кыргыз өндүрүшчүлөрүнөн сарптоочу материалдарды сатып алуу бар», — деп түшүндүргөн ал.

Мындан аркы кадамдар боюнча

Канаданын Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри «өкмөт менен пикир келишпестиктер ушунчалыкка жетип калганы» компанияны «терең кайгыртканын» билдирген.

«Баары башкача болушу мүмкүн эле. “Кумтөр” кенин иштетүүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн биз кошумча 2 млрд доллар инвестиция кылууга даяр болчубуз, ошондой эле силер менен бери дегенде дагы 10 жылдык кызматташуу ниетибиз бар болчу. Тилекке каршы, болуп жаткан окуялардан улам бул пландарды артка жылдырууга аргасызбыз», — деп билдирген ал.

Перри «Кумтөрдүн» кызматкерлерине «көп жылдан бери жан үрөп иштеп бергени үчүн чын дилден рахмат айтып», Centerra Gold менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууга үмүт артып турганын билдирди.

«Азыр сиздер үчүн оор мезгил экенин түшүнүп турам, бул айкынсыздыктын мезгили. Биз өкмөттү сүйлөшүүгө чакырып, ортодогу пикир келишпестиктерди ачык-айкын чечип алууга үндөдүк. Мен бул келишпестиктерди мурдагыдай эле компромисске келүү жана макулдашуулар аркылуу чечип аларыбызга чын дилден ишенгим келет. Буга чейин деле чечилгистей сезилген көйгөйлөрдү чечип келгенбиз, бул жолу да ошондой болот деп үмүттөнөм. Өкмөт диалогго канчалык эрте келсе, ошончолук бардыгыбыз үчүн айкындыкка жетишебиз», — деп жыйынтыктаган ал.

Centerra Gold кандай кадамдарга барган?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укутарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Канадалык компаниянын арызында Бөлтүрүктү Centerra Gold компаниясынын алдындагы келишимди бузганы үчүн жана «Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кенин басып алганы» үчүн сотко беришкенин айткан.

Күмтөрдүн айланасында эмне болуп жатат?

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Тема боюнча: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган.