«Ичиң толо арам». Президент Жанар Акаев менен Оргалча тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров БШКнын «30% гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизгени тууралуу пикирин Фейсбук барагында билдирди. Анда өлкө башчысы БШКнын ишине кийлигишпегенин баса белгилеп, Жанар Акаевди «мени өзүңдөй ойлобо» деп айтты.

Жанар Акаев тууралуу

Президенттин айтымында, кимдир бирөөлөр Шайлдабековага барып Жанар Акаевди «президент колдоп койсун деди» деп айткан. Бирок өлкө башчысы ал адамдын ким экенин БШК төрайымы өзү ачыктасын дейт.

«Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Мен Нуржан Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин” дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын», — деп жазды президент.

Ошондой эле, Жапаров Боршайком мыйзамсыз чечим чыгарса керт башы менен жооп берерин кошумчалады.

Оргалча тууралуу 

Садыр Жапаров постунда «Альянс» партиясынан депутат болгон Токтобүбү Оргалчаны да эскерип өттү. Президент жубайы Айгүл Жапарова аны тааныбай турганын белгиледи.

«Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканда билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?» — деп билдирди ал.

Президент Айгүл Жапарова «депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир «уборщицаны» да кызматка койбогонун» белгилеп, «анын бир эле иши бар – жетим-жесирлерге жардам берүү» деп жазды.

Гендердик квота: Жанар Акаев & Токтобүбү Оргалча

Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалча.

15-декабрда «Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна парламентке Токтобүбү Оргалча келе турганы белгилүү болгон. Себеби, ошол күнү БШК «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизген.

Ал арада «Альянс» партиясы БШКнын 30%дык гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизген чечимин сотко даттана турганын айткан.

Ал эми Жанар Акаев «бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук» деп баса белгилеп, «Боршайком адилетсиз буйрукту аткарды» деп билдирген. Аны менен катары Талапкер БШКнын жетекчилиги «токтомду өзгөртүү үчүн комиссия мүчөлөрүнө басым жасады» деп эсептейт.

Ошондой эле депутат өзү жаңы саясий маданиятты калыптандырууну көздөгөн саясатчы экенин, гендердик баланс жана аялдардын квотасы үчүн күрөшүп келгенин белгилеп, БШКнын чечимине Токтотүбү Оргалчанын күнөөсү жок экенин айткан.

Ал эми Оргалча Жанар Акаевди «бир тууган инимдей көрөм» деп, депутат аны колдоп жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле Оргалча Акаев менен «эч кандай келишпестиги жок» экенин кошумчалады.

Президенттин «аяшы»

Токтобүбү Оргалча.

Оргалча менен президенттин үй-бүлөсүнүн байланышы бар экени тууралуу кептер алгач 2020-жылдын октябрь окуяларында айтыла баштаган. Анда Оргалчага таандык «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда Айгүл Жапаровага таандык «Үмүт булагы» коомдук фонду 20 автобусту жалдап, шаардыктарды бекер ташыган. Аталган автобустар «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясына таандык болуп чыккан.

Анткен менен «Шыдыр Жол Кей Джинин» өкүлү Нургазы Балтабаев алар автобустар үчүн ижара акысын алышпаганын, «Үмүт булагы» болгону 60 литрден күйүүчү май куюп бергенин билдирген.

Kaktus.media басылмасы компания Бишкек мэриясына автопарктын аймагын колдонгону үчүн 1 млн сомдон ашуун карызы бар экенин белгилеген. Мындан сырткары «Шыдыр Жол Кей Джи» бир нече каттамдар боюнча автобустарды жүргүзүүнү каалап, шаардык бийлик менен талаш-тартышта жүргөнү айтылган.

Ал эми парламенттик шайлоонун алдындагы дебаттарда «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов да Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган.

«“Альянс”, сиздер өзүңүздөрдү оппозиция деп атадыңыздар, бирок курамында президенттин мурдагы кеңешчиси Медетбек Букуев, президенттин аяшы Токтобүбү Оргалча жана былтыр “Мекеним Кыргызстан” партиясынын камчысын чапкан, коррупционерлерди коргогон бир топ адамдар баратат. Сиздер чыныгы оппозициялык партиясыздарбы, бийликчил партиясыздарбы же “винегрет” партиясыздарбы?» — деп суроо узаткан Токтакунов.

Ал эми «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова Оргалча тууралуу «ушактарга ишенбөөгө» чакырган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Токтобүбү Оргалча келет

Токтобүбү Оргалча: Айгүл Жапарованы көргөн эмесмин, бирок президенттин саясатын колдоймун