Токтобүбү Оргалча: Айгүл Жапарованы көргөн эмесмин, бирок президенттин саясатын колдоймун

«Альянс» партиясынан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты катары катталган Токтобүбү Оргалча президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова менен байланышын четке какты.

«“Биринчи айымдын досу экен, жакын экен” деген ушактар аябай айланып тарап жатат. Мен ошол биринчи айымды [Айгүл Жапарованы], биринчи кишини [Садыр Жапаровду] бир жолу да көргөн эмесмин. Телевизордон анча-мынча көрүп каламын [...] Бирок мен ушул кишилердин саясатын колдоймун», — деди Оргалча.

Ошондой эле Оргалча Кыргызстандын жараны болгондон тарта Кытайдын жарандыгынан расмий баш тартканын кошумчалады. «Альянстын» талапкери 1916-жылы болгон Үркүндө чоң аталары Ат-Башыдан, ал эми таятасы Талдуу-Суу айылынан Кытайга качканын белгиледи.

«Кечетен бери мени депутат катары тааныгандан кийин эл ичинде аябаган чоң ушак айланып жатат. Мени уйгур кылып жатат, кытай кылып жатат, шпион кылып жатат. Бул такыр чындыкка дал келбейт. Мен Ат-Башыдан кеткен таптаза черик [уурусунун] кызымын», — деди Оргалча.

Мындан сырткары, Оргалча Жанар Акаевди «бир тууган инимдей көрөмүн» деп, депутат аны колдоп жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле Оргалча Акаев менен «эч кандай келишпестик жок» деп кошумчалады.

Президенттин «аяшы» жана гендердик квота

Оргалча президенттин үй-бүлөсү менен байланышы бар болгондугу тууралуу кептер алгач 2020-жылдын октябрь окуяларында айтыла баштаган. Анда Оргалчага таандык «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда Айгүл Жапаровага таандык «Үмүт булагы» коомдук фонду 20 автобусту жалдап, шаардыктарды бекер ташыган. Аталган автобустар «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясына таандык болуп чыккан.

Анткен менен «Шыдыр Жол Кей Джинин» өкүлү Нургазы Балтабаев алар автобустар үчүн ижара акысын алышпаганын, «Үмүт булагы» болгону 60 литрден күйүүчү май куюп бергенин билдирген.

Kaktus.media басылмасы компания Бишкек мэриясына автопарктын аймагын колдонгону үчүн 1 млн сомдон ашуун карызы бар экенин белгилеген. Мындан сырткары «Шыдыр Жол Кей Джи» бир нече каттамдар боюнча автобустарды жүргүзүүнү каалап, шаардык бийлик менен талаш-тартышта жүргөнү айтылган.

Ал эми парламенттик шайлоонун алдындагы дебаттарда «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов да Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган.

«“Альянс”, сиздер өзүңүздөрдү оппозиция деп атадыңыздар, бирок курамында президенттин мурдагы кеңешчиси Медетбек Букуев, президенттин аяшы Токтобүбү Оргалча жана былтыр “Мекеним Кыргызстан” партиясынын камчысын чапкан, коррупционерлерди коргогон бир топ адамдар баратат. Сиздер чыныгы оппозициялык партиясыздарбы, бийликчил партиясыздарбы же “винегрет” партиясыздарбы?» — деп суроо узаткан Токтакунов.

Ал эми «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова Оргалча тууралуу «ушактарга ишенбөөгө» чакырган.

Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнүн байланышы «Альянс» партиясынан Жанар Акаев мандат албай турганы белгилүү болгондон кийин кызуу талкууга алына баштады.

Анткени 15-декабрда Акаевдин ордуна парламентке Токтобүбү Оргалча келе турганы белгилүү болду.

Ал арада «Альянс» партиясы БШКнын 30%дык гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизген чечимин сотко даттана турган болду. Ал эми Жанар Акаев «Боршайком адилетсиз буйрукту аткарды» деп билдирди. Талапкер БШКнын жетекчилиги «токтомду өзгөртүү үчүн комиссия мүчөлөрүнө басым жасады» деп эсептейт.