Кара-Кечеден 3000 сомдук көмүр убактылуу келбейт

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы 15-декабрда ишкана Кара-Кече кенинен көмүр алып келүү убактылуу токтотулганын кабарлады. Убактылуу чектөө 15-декабрдан 20-декабрга чейин киргизилди.

Ишканадан маалымдашкандай, бул Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу. Бирок Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү үзгүлтүкккө учурабайт.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 16-ноябрында Бишкектин Мурманск көчөсү 1б/1 дарегинде арзандатылган баада көмүр сатыла баштаганын кабарлаган болчу.

Мамишкананын маалыматы боюнча, көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатылат. Бирок атайын чектөөгө ылайык, бир үй-бүлөгө эки тоннадан ашык сатылбайт.

«Кыргызкөмүр» мындай чектөө алып сатарлардын кызыл кулактыгын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара экенин белгилеп, бирок «жакынкы күндөрү» чектөө жоюлушу пландалууда деп түшүндүрмө беришкен болчу.

Көмүр баасынын арзандашы жана айдоочулардын нааразычылыгы

Көмүрдүн баасы президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолуккандан кийин арзандаган. Анда өлкө башчысы борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, ноябрь айында Бишкек жана Ошто бир тонна көмүрдүн баасы 2 500 сомдон 8 500 сомго чейин болгон (көмүрдүн түрүнө жана казылган жерине карата). Антимонополиядан «Кыргызкөмүр» көмүрдү жеткиликтүү көлөмдө алып келбегендиктен баалар туруксуз болуп жатканын билдиришкен.

Андан кийин 6-декабрда көмүр ташыган айдоочулар иш ташташкан. Жарыяланган тасаманын автору аларга көмүр жүктөөгө уруксат берилбей жатканын айтып нааразы болгон.

«Жеке айдоочуларга 15-декабрга чейин көмүр берүү токтотулганын айтып жатышат, ошондуктан айдоочулар нааразы болуп жатышат. жапсаңар толук жапкыла же айдоочуларды дагы киргизгиле. Бирөө келип алып “Садырга көмүр жүктөйбүз, жеке көмүр ташыгандарга жүктөбөйбүз” деп жатат. Мындан улам ызы-чуу болуп атат. Эмне кылаарыбызды да билбейм», — деген тасмадагы киши.

Анда «Кыргызкөмүрдүн» басма сөз кызматы жагдайга комментарий берип, карьерде тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

«Беш күндүн же бир жуманын аралыгында көмүр бериле баштайт. Бирок ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу жана Бишкек шаарына 3 миң сомдон сатыла турган көмүр үзгүлтүктүз ташылат», — деп ишендирген компания.

Мындан сырткары, айдоочулар президенттин буйругу менен көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшүп кеткенине нааразы болушкан. Анда ЖМКлар нааразы жумушчулар «бир нече күндөн бери Кара-Кечеде тамак-ашы жана суусу жок көмүр күтүп жатышканы» тууралуу тасманы таратышкан.

Айдоочулар кара отун жүктөп кетүү үчүн көпкө күтүүгө аргасыз болуп атканына нааразы болушкан — бул убакта карьерде 3 миң сомдон сатыкка делген унааларга көмүр биринчи жүктөлүп жаткан. 3 миң домдук баа 16-ноябрда бийлик тарабынан коюлган.