Баткен: Тажик чек арачылары Максат — Жаштык жолунда жүк ташуучу унаага ок чыгарды

Видеодон алынган скрин

Баткендин Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесине жакын Максат — Жаштык унаа жолунда бара жаткан КамАЗга тажик чек арачылары ок чыгарды. Мындан улам кыргызстандык айдоочу жаракат алды.

УКМКнын Чек ара кызматы окуя 22-декабрда болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ал учурда анын жанына үч тажик чек арачысы келип, Тажикстандын аймагына айдоону талап кылышкан. Айдоочу жолун чек арачылардын коштоосунда улаган.

Көп өтпөй кыргыз жараны анын артында келе жаткан унаанын жолун тосуп, аны «тажик аскерлери алып кетип баратканын» кыйкырып айтууга үлгүргөн. Тажик аскерлери оор жүк ташуучу унаадан качып чыгып, КамАЗдын дөңгөлөгүнө жана алдыңкы айнегине үч ирет ок чыгарган. Мындан улам кыргызстандык айдоочу айнектин сыныктарынан жаракат алган.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеого үч тажик аскери качып бара жатканы түшүп калган. Андан сырткары тасмадан окуя болгон жерде маршрутка токтоп турганын, анын жүргүнчүлөрү талаа жактан кайтып келишкенин көрүүгө болот.

Тасманын автору «тажик аскерлери качып бара жатышат, күзөт мунарадан жолго чейин чыгып келиптир» деп айткан. Ал эми жаракат алган айдоочу качып бара жаткан тажик чек арачылары аны көздөй ок чыгарышканын тастыктаган.

Учурда Кыргызстандын Лейлек району жана Тажикстандын Ганчин тилкеси боюнча чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

16-декабрда Баткен районунун Көчө-Бою айылынын аймагында Тажикстандын чек арачылары асманга ок чыгарышкан. Алгач тажик аскерлери айылга кирип келип кыргыз жарандары жүргүзүп жаткан курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. Бул аракеттер кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратып, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Кийинчерээк Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолуккан. Анда кыргызстандыктар курулуш иштерин чек арага жакын аймакта эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзгөнү аныкталган. Мындан улам тажик тарап курал «мыйзамсыз колдонулганын» моюндаган.

Ошондой эле, Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскерлерге чара көрүлөт деп ишендирген.