УКМК Бактыбек Калмаматовду «Манас» аэропортунан суракка алып кетти

22-декабрга караган түнү саясатчы Бактыбек Калмаматовду «Манас» аэропортунан УКМКнын кызматкерлери суракка алып кетишти. Саясатчыны чек ара кызматкерлери токтоткон учурда тартылган видео Калмаматовдун Фейсбук барагында жарыяланды.

Калмаматовдун айтымында, ал Сауд Арабияга кичи ажылыкка учуп кетүү үчүн аэропортко келген. Бирок аэропорттогу чек арачылар ага «өлкөдөн чыгууга мүмкүн эместигин» айтышкан. Кийинчерээк Калмаматовго атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары» суракка чакырылып жатканын билдиришкен.

Экс-депутат суракка так кайсы иш боюнча чакырылганын билбестигин белгиледи. Ал эми депутатка берилген чакыруу кагазында ал суракка «21-декабрда саат 17:00гө келүүсү керектиги» жазылган. Документке УКМКнын тергөөчүсү «И. Оторбеков» кол койгон.

Калмаматов чакыруу кагазында эмне үчүн өтүп кеткен убакыт көрсөтүлгөнүнө кызыкканда УКМК кызматкерлери чакыруу кагазын берүү үчүн аны «таппай жүрүшкөнүн» айтышты.

Ал эми саясатчы колдоочуларына кайрылып бул аракеттердин баары «мыйзамсыз экенин» белгиледи.

«Азыр маалымат булактарында “Калмаматов аэропорттон кармалды” деген маалыматтар чыгып кетиптир, эч тынчсызданууга себеп жок деп ойлойм. Мен өзүм билем, ак экениме ишенем. Мени колдоп жаткан мекендештериме дагы маалымат беребиз», — деди Калмаматов.

Учурда УКМК Калмаматов эмне үчүн суракка чакырылганын ачыктай элек.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.