Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп дайындалды

Аида Касымалиева

Президенттин басма сөз кызматы 23-декабрда президент Садыр Жапаров Аида Касымалиеваны Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кылып дайындоо тууралуу жарлыка кол койгонун маалымдады.

Өкүлчүлүктүн штаб квартирасы Нью-Йоркто (АКШ) жайгашары айтылды.

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети экс-вице-спикер Аида Касымалиеванын бул кызматка талапкерлигин 2021-жылдын октябрында эле жактырган. Талапкерлиги парламент комитети тарабынан жактырылганга чейин Касымалиева Фейсбук барагында 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирген болчу.

Аида Касымалиева деген ким?

Парламентке келгенге чейин Аида Касымалиев бир нече жыл «Азаттык» үналгысында журналист болуп иштеген. Жогорку Кенештин алтынчы чакырылышына Касымалиева КСДПнын тизмеси менен келген. Өз убагында аталган партия «бийликчил» деп саналчу.

Вице-спикерликке 2018-жылы кесиптеши Асель Кодуранованын ордуна келген. Ал эми Кодуранова өз отставкасы «мыйзам бузуулар» менен коштолгонун айткан.

2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоого Касымалиева «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынан аттанган. Партияны ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышкан.

Касымалиева жана Садыр Жапаров

Аида Касымалиева 2020-жылы парламентте Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка келишине каршы болгон азчылыктын бири болгон. Ал 10-октябрдагы постунда бийлик алмашкандан кийинки окуялар Жапаровдун премьер-министрликтеги кызматы өлкөдө бөлүнүп-жарылууга алып келерин көрсөттү деп жазган.

Дагы окуңуз: Аида Касымалиева аны «Мекеним Кыргызстандын» талапкери «коркутканын» билдирди

Ал эми эртеси күнү — 11-октябрда — Касымалиева Садыр Жапаровдун өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын «мыйзамсыз процесс» деп атаган. Ал жыйынга келбегенине карабастан, алдын ала тизмеге киргизип каттап коюшканын билдирген. Анда депутаттар Садыр Жапаровду үчүнчү жолку аракетткен кийин гана премьер-министрлик кызматка дайындашкан.

Дагы окуңуз: Аида Касымалиева өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдон башка талапкер көрсөтүүнү сунуштады

2020-жылдын декабрында Касымалиева парламенттик шайлоодон кийин зордуктап кетүүгө чейин жеткен коркутуулар болгонун айткан. Касымалиева 2020-жылдын октябрында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон депутат Урмат Самаев дагы коркутканын билдирген. Бул партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү: Парламенттик комитет Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды