Баткен: Дахма тилкесинде белгисиз кишилер тажик жаранынын үйүнө карата ок чыгарды

Сүрөт: «Азия-Плюс» басылмасы

Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде 23-декабарга караган түнү белгисиз кишилер аңчылык куралдан Тажикстандын жаранынын үйүнө карата эки ирет ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Укук коргоо органдары окуя боюнча тергөө амалдарын жүргүзүшкөн. Бирок Кыргызстандын аймагында ок атуунун изи аныкталган эмес.

Баткен районун акими Учкунбек Жоробаев учурда аймакта абал «туруктуу» болгонун билдирип, эки өлкөнүн укук коргоо органдары иликтөөнү баштаганын кошумчалады. Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, Көк-Таштын аймагында атылган октон кыргыз жарандарынан эч ким жабыркаган эмес.

Ал эми «Азия-Плюс» тажик басылмасы Исфара шаардык мэриясына таянып, «Кыргызстандын жарандары Сомониён айылынын тургуну Мухаммаджон Довудовдун үйүн аткылады» деп жазды. Маалыматка ылайык, ок Довудовдун уктоо бөлмөсүнө тийген.

Басылма октон эч ким жабыркабаганын кабарлап, бирок үй-бүлө мүчөлөрү «психологиялык жактан жаракат» алганын белгиледи.

Лейлекте чыккан акыркы жаңжал

22-декабрда Баткендин Лейлек районунудагы Максат — Жаштык унаа жолунда КамАЗдын айдоочусу токтоп, арыктан суу алган. Бул учурда Тажикстандын үч чек арачысы кыргыз-тажик чек арасын кесип өтүп, айдоочуга унаага отуруп алардын аймагына айдоону талап кылышкан. Айдоочу жолун чек арачылардын коштоосунда улаган.

Көп өтпөй кыргыз жараны анын артында келе жаткан унаанын жолун тосуп, аны «тажик аскерлери алып кетип баратканын» кыйкырып айтууга үлгүргөн. Тажик аскерлери оор жүк ташуучу унаадан качып чыгып, КамАЗдын дөңгөлөгүнө жана алдыңкы айнегине үч ирет ок чыгарган. Мындан улам кыргызстандык айдоочу айнектин сыныктарынан жаракат алган.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеого үч тажик аскери качып бара жатканы түшүп калган. Андан сырткары тасмадан окуя болгон жерде маршрутка токтоп турганын, анын жүргүнчүлөрү талаа жактан кайтып келишкенин көрүүгө болот.

Тасманын автору «тажик аскерлери качып бара жатышат, күзөт мунарадан жолго чейин чыгып келиптир» деп айткан. Ал эми жаракат алган айдоочу качып бара жаткан тажик чек арачылары аны көздөй ок чыгарышканын тастыктаган.

Окуя болгон күнү Баткен жана Согди облустарынын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушкан. Анда Тажикстандын өкүлдөрү кыргызстандык айдоочуга тажик чек арачылары ок чыгарышканын моюндаган.

Ошол эле учурда тажик тарап окуяны Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте териштирүүдөн баш тартты. Мындан улам инцидент эки өлкө тарабынан өз алдынча иликтенип, анын жүрүшү тууралуу бири-бирин маалымдоо макулдашылды.

Баткендин администрациясынан бул окуяны Тажикстандын Аскер прокуратурасы териштире турганын белгилешти. Ошондой эле эки тарап өздүк курамдын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана биргелешкен сабактарды өткөрүүнү сүйлөшүштү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тажикстан күнөөнү мойнуна алып, унаага ок чыгарган чек арачыларды жазалоону убада кылды