Тажикстан күнөөнү мойнуна алып, унаага ок чыгарган чек арачыларды жазалоону убада кылды

Тажикстандын бийлик өкүлдөрү 22-декабрда Баткендин Лейлек районундагы Максат — Жаштык унаа жолунда кыргызстандык айдоочуга тажик чек арачылары ок чыгарышканын моюндады. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон күнү Баткен жана Согди облустарынын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушкан. Анда окуя кандай орун алганы талкууланган.

«Тажикстандын өкүлдөрү күнөөлөрүн мойнуна алышты жана мындан ары курал колдонуулар кайталанбоосу алар тараптан айтылып, күнөлүүлөр жоопко тартылат деп билдирилди», — деп жазылат өкүлчүлүк тараткан пресс-релизде.

Ошол эле учурда тажик тарап окуяны Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте териштирүүдөн баш тартты. Мындан улам инцидент эки өлкө тарабынан өз алдынча иликтенип, анын жүрүшү тууралуу бири-бирин маалымдоо макулдашылды.

Баткендин администрациясынан бул окуяны Тажикстандын Аскер прокуратурасы териштире турганын белгилешти. Ошондой эле эки тарап өздүк курамдын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана биргелешкен сабактарды өткөрүүнү сүйлөшүштү.

Ушул эле маалыматты Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы да тастыктады.

Окуя кандай болгон?

22-декабрда Баткендин Лейлек районунудагы Максат — Жаштык унаа жолунда КамАЗдын айдоочусу токтоп, арыктан суу алган. Бул учурда Тажикстандын үч чек арачысы кыргыз-тажик чек арасын кесип өтүп, айдоочуга унаага отуруп алардын аймагына айдоону талап кылышкан. Айдоочу жолун чек арачылардын коштоосунда улаган.

Көп өтпөй кыргыз жараны анын артында келе жаткан унаанын жолун тосуп, аны «тажик аскерлери алып кетип баратканын» кыйкырып айтууга үлгүргөн. Тажик аскерлери оор жүк ташуучу унаадан качып чыгып, КамАЗдын дөңгөлөгүнө жана алдыңкы айнегине үч ирет ок чыгарган. Мындан улам кыргызстандык айдоочу айнектин сыныктарынан жаракат алган.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеого үч тажик аскери качып бара жатканы түшүп калган. Андан сырткары тасмадан окуя болгон жерде маршрутка токтоп турганын, анын жүргүнчүлөрү талаа жактан кайтып келишкенин көрүүгө болот.

Тасманын автору «тажик аскерлери качып бара жатышат, күзөт мунарадан жолго чейин чыгып келиптир» деп айткан. Ал эми жаракат алган айдоочу качып бара жаткан тажик чек арачылары аны көздөй ок чыгарышканын тастыктаган.

Козу-Баглан дарыясынын талашка түшкөн суусу

Күбөлөрдүн бири Таланбек Исманалиев жабырлануучу кыргыз-тажик чек арасын кесип өтпөгөнүн, ал Жаштык айлында суу аз болгондуктан КамАЗына суу толтуруп жатканда окуя орун алганын билдирген. Ошондой эле анын айтымында, тажик аскерлери алты жолу ок чыгарышкан.

«Үч [ок] алдынкы айнектерге, эки ок дөңгөлөккө, бир ок КамАЗдын алды жагына тийген. Биздин жараныбыз ок чыгарган убакытта рулда болгон. Кудай сактап ок тийбей калган», — деди ал.

Исманалиев тажик тарап Лейлектен агып чыккан Козу-Баглан дарыясынын суусун кыргыз айылдарына жеткирбей колдонуп жатканын айтып нааразы болду.

«Козу-Багландагы суу биздин айылдарга келбей, ошол водовозун толтурган арыктагы суунун аягы тажике кирип, алар эгиндерин суугарышат жана ичүү үчүн колдонушат. Өзүбүздүн айылдарга суу берилбей алар жыргап, жадагалса мынтип ок чыгарып жатышат», — деп жазды Исманалиев.

Жергиликтүү тургун УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди жана Баткендеги жетекчилерди алмаштырып, президент Садыр Жапаров бул боюнча билдирүү жасасын деп талап кылды. Ошондой эле Исманалиев «Камчыбек Ташиев өзүбүздүкүлөрдү аңдыбай, чек араны карасын же кызматын тапшырсын» деп нааразы болду.