«Жер төлөөдө кармаган». Сумаяны өлүмүнө шектелип 48 жаштагы киши кармалды

Шектүү. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жашар Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 23-декабрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү тергөөдө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын көрсөтмөсү боюнча ал Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткен. Андан соң колу-бутун скотч менен байлап, үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөсүндө кармаган.

Кыз муздап каза болуп калгандан кийин мүшөккө салып, дарыянын жээгине ыргытып салган. Андан соң кийим-кечектерин толугу менен өрттөп жиберген.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүүнүн үй-бүлөсү аны он жыл мурда таштап кеткен. Мындан улам ал үйүндө жалгыз жашап жүргөн.

ИИМден учурда дагы да тергөө амалдары жүрүп жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышты. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Кыз ошол күнү окууга барган эмес.

Аны Сузак РИИБдин кызматкерлеринен сырткары 100дөн ашуун айыл тургуну, айылдарды, талааларды, кароосуз калган имараттарды аралап издешкен.

Жыйынтык чыкпаганынан кыздын атасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, кызын табууга көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле кыргызстандыктардан кызды өздөрү жашаган аймактан издеп коюуну өтүнгөн болчу.

Бирок дээрлик он күндөн кийин, 27-ноябрда, Сумаянын сөөгү кийимдери жок абалда Сузак районунун Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган.

Анда милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издеп баштаган.

Тема боюнча:

Сузак: Милиция 9 жашар Сумаянын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Сузак: Дайынсыз жоголгон 9 жашар Сумаянын сөөгү сайдан табылды

Сузак: 9 жашар Сумая төрт күн мурда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болууда