«Акыркы көч» тасмасы «Слемани» кинофестивалында «Мыкты оператордук иш» наамын жеңди

«Акыркы көч» (The Road to Eden) көркөм тасмасы Ирактын Күртстан аймагынын Слемани шаарында өткөн эл аралык «Слемани» кинофестивалында «Мыкты оператордук иш» наамын жеңип алды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы маалымдады.

Ал арада, тасманын режиссёрлорунун бири жана оператору Дастан Жапар уулу Фейсбуктагы барагы аркылуу тартуучу топко жана демөөрчүлөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Кинофестивалдын уюштуруучуларына, калыстар тобунун мүчөлөрүнө жана Күртстанга терең ыраазычылык. Дагы деле толкунданып турабыз. Эң бактылуу көз ирмемдерди баштан өткөрдүм, анткени “Канны” кинофестивалында мыкты аталган тасмалар менен ат салыштык», — деп жазды ал.

Фестивалда тасманы Дастан Жапар уулу менен тасманын ассоциативдик продюсери Самара Сагынбаева көрсөтүп жатышат.

«Слемани» эл аралык кинофестивалы 2017-жылдан бери уюштурулуп келет. Сынакка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн тартылган тасмалар катыша алат, фестиваль дүйнөлүк жана улуттук болуп эки багытта өткөрүлөт.

«Акыркы көч» тасмасы

«Акыркы көч» тасмасынан үзүндү.

«Акыркы көч» — Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу биргелешип тарткан толук метраждуу тасма. Анын Ал эми дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы Эстониянын борбору Таллинде өткөн эл аралык кинофестивалда болгон.

Ал эми улуттук бет ачары үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Бишкектеги «Космопарк» борборунун кинотеатрында өткөн.

Фильмде белгилүү жазуучу Кубат Алиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн баяндоо менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын унутта калганы, адамдар көр дүйнөнүн артынан түшүп, адамгерчилик, чынчылдык, боорукерлик деген улуу мурасты кийинки муунга өткөрүп берүүгө умтулбаганы көрсөтүлгөн.

«Акыркы көч» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы менен «Билимкана» коомдук фондунун колдоосу менен тартылган.

Буга чейин, «Акыркы көч» Дакка Эл аралык кинофестивалынын башкы сынагында Гран прини жеңген. Ал эми Куала-Лумпур кинофестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыган.

Тема боюнча дагы окуңүз:

«Акыркы көч» тасмасы Колумбиядагы фестивалда көрсөтүлөт

«Унутта калган улуулук». «Акыркы көч» тасмасы прокатка чыкты