Сумаянын өлүмү: Милиция шектүү кылмышка эмне себептен барганын ачыктады

Сумая Хосилжанованын сөөгү табылган жер. Сүрөт: «Акипресс» басылмасы 

Жалал-Абад ОИИБи Сузак районунда 9 жашар Сумая Хасилжанованын өлүмүнө шектелген киши кылмышка эмне себептен барганынын алдын ала версиясын ачыктады.

Милициянын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, шектүү өз көрсөмөсүндө «кызды жер төлөөдө кармоо менен анын ата-энесинен акча талап кылууну көздөгөнүн» айткан.

Бирок анын жактоочусу менен апасы шектүү «психикалык жактан жабыркаганын» айтышып, аны экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү үчүн Таш-Көмүр шаарындагы Республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды.

Анткен менен Жээнтаев «шектүү күнөөнү өзү мойнуна алып, окуяны айтып бергенин, анын үйүндө кароо жүргүзгөндө кылмыштын белгилери табылганын» баса белгиледи.

Милиция тараткан маалымат боюнча шектүү Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткен. Андан соң колу-бутун скотч менен байлап, үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөсүндө кармаган.

Кыз муздап каза болуп калгандан кийин мүшөккө салып, дарыянын жээгине ыргытып салган. Андан соң кийим-кечектерин толугу менен өрттөп жиберген.

Милиция шектүүнүн үй-бүлөсү аны он жыл мурда таштап кеткендиктен, ал үйүндө жалгыз жашап жүргөнүн белгилеген.

ИИМден учурда дагы да тергөө амалдары жүрүп жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышкан. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Сумаянын дайынсыз жоголушу

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Кыз ошол күнү окууга барган эмес.

Аны Сузак РИИБдин кызматкерлеринен сырткары 100дөн ашуун айыл тургуну, айылдарды, талааларды, кароосуз калган имараттарды аралап издешкен.

Жыйынтык чыкпаганынан кыздын атасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, кызын табууга көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле кыргызстандыктардан кызды өздөрү жашаган аймактан издеп коюуну өтүнгөн болчу.

Бирок дээрлик он күндөн кийин, 27-ноябрда, Сумаянын сөөгү кийимдери жок абалда Сузак районунун Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган.

Анда милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издеп баштаган.

Тема боюнча:

«Жер төлөөдө кармаган». Сумаяны өлүмүнө шектелип 48 жаштагы киши кармалды

Сузак: Милиция 9 жашар Сумаянын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Сузак: Дайынсыз жоголгон 9 жашар Сумаянын сөөгү сайдан табылды

Сузак: 9 жашар Сумая төрт күн мурда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болууда