Алайда унаа коюп кеткен 83 жаштагы карыя реанимацияда каза болду

Ош облусунун Алай районунда 83 жаштагы аксакалды унаа сүзүп кетти. Жабырлануучу ооруканада көз жумду. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИББдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-декабрь күнү түшкү саат экилерге чукул «ДЭУ Нексиа» үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы айдоочусу Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы Согонду айылында жөө жүргүнчүнү сүзгөн.

Алайдагы жол кырсыгы. Сүрөт: Ош ОИИББдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Кырсыктын кесепетинен 83 жаштагы К.Ж аттуу тургун оор жаракат алып, Алай райондук ооруканасына жеткирилген. Бирок ал жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болду.

Теңизбаев учурда айдоочу тергөөдө сурак берип жатканын белгилеп, унаа айып короого киргизилгенин кошумчалады.

Ал арада Алай РИИБдин кызматкерлери тийиштүүү экспертизаларды дайындады. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 17-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн айылындагы мектептин жанында жол кырсыгы катталган. Анда 37 жаштагы айдоочу мас абалда «Хонда-Фит» унаасы менен эки окуучу кызды коюп, өзү мамыга барып урунган.

Ошол эле күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунда жол кырсыгы каталган. Анда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзгөн. Анын кесепетинен эки өспүрүм оор жаракат алып, тез жардам унаасында кайтыш болушкан.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча:

Чүй: Мас айдоочу мектептин жанында эки кызды коюп, өзү мамыга барып урунду

Таласта жол кырсыгынан 14 жаштагы эки өспүрүм каза тапты