Президенттин кортежи аралашкан кырсык: Айыпталуучу үй камагына чыкты

Президенттин кортежи аралашып, адам өмүрү кыйылган жол-транспорт кырсыгына айыпталган Конокбай Чынжырбаевдин баш коргоо чарасы үй-камагына алмаштырылды. Бул тууралуу 24.kg’ге адвокаты Майрамбек Жумабаев билдирди.

Чынжырбаев сентябрда кармалып, ТИЗО-1ге киргизилген. Октябрда ИИМ ага «Этиятсыздык менен адам өлүмүнө себепчи болуу» жана «Жол кыймылы жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренелери менен айып тагылганын кабарлаган.

Жактоочунун айтымында, Ысык-Көл райондук соту Чынжырбаев өтө оор кылмышка айыпталбагандыктан анын бошотулушу мыйзамдуу.

«Сот ал 68 жашта экенин эске алды. Анын өнөкөт оорулары бар экенин тастыктаган маалымат каттары бар», — деп айтып берди жактоочу.

Мындан сырткары, жактоочу бул кылмыш иши жол кырсыгынын негизги күбөлөрү Бишкек шаарында жашап иштегендиктен Биринчи май райондук сотуна өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жол-транспорт кырсыгынын версиялары

Авария июнь айынын башында Ысык-Көл облусунда катталып, президенттин дарыгери жана дагы үч адам каза тапкан.

Президенттин кортежи кырсыкка учурагандан кийин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg басылмасына кырсык болгон күнү мас айдоочу жолдун каршы тилкесине чоң ылдамдык менен чыкканын билдирген.

«Президент отурган биринчи унаа буйтап кетүүгө үлгүргөн, экинчиси буйтаганга аракет кылган, бирок сокку арткы дөңгөлөккө тийип, унаа көп жолу тоголонуп кеткен. Илгиз Усубалиев [президенттин дарыгери] алган жараатынан кырсык болгон жерде жан берген», — деген ал.

Кийин ИИМден Ысык-Көл ОИИБи жол кырсыгы боюнча«Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаганын билдиришкен.

«Ал камакка алынган эмес. Милиция автотехникалык жана химиялык экспертиза дайындаган. Экспертизалардын жыйынтыгы менен жол кырсыгына кабылгандардын баарынын аракетине юридикалык баа берилет», — деп билдиришкен анда ведомстводон.

Бирок, шектүүнүн уулу Эрбол Кыдыргазиев кырсыкка карата өзүнүн версиясын айткан. Анын айтымында, кырсыкта тескерисинче президентти коштогон унаалардын бири анын атасынын унаасын сүзгөн.

«Жол кырсыгында менин атам дагы жабыркады, бирок ал күнөөлүү эмес. Toyota Land Cruiser’дин айдоочусу, УКМКнын тогузунчу кызматынын өкүлү президенттин кортежинен артта калган. Башкы кортеждин алдында атам Конокбай Чынырбаев жолдун четине токтогон. Чоң жолго чыкканда “Тогузунчу” кызматтын өкүлү келип сүзгөн, себеби ал каршы тилке менен катуу ылдамдыкта келе жаткан экен. Менин атам соо болчу, текшерүүлөр аны тастыктады. Ага “Жол кыймылынын эрежелерин бузуу” беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү жазып беришкен. Тергөө чакырганда дайыма барып турду, бирок кечээ аны эки айга ТИЗО-1ге камап салышты», — деп билдирген ал 9-сентябрда 24.kg басылмасына курган маегинде.