Элвира Сурабалдиева Биринчи май округунан кайра шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Элвира Сурабалдиева.

Борбордук шайлоо комиссиясына мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиевадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө арыз түштү. Сурабалдиева Бишкектеги №27 Биринчи май бир мандаттуу округунан аттанып жатат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2022-жылдын 27-январында аяктайт. Каттоо үчүн документтерди БШКга 2022-жылдын 30-январына чейин тапшыруу керек.

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайрадан шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо аталган эки округда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Мындан улам, экс-депутат Сурабалдиева бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.

«36 депутаттык орундардын арасында депутат айымдар да болуш керек деп эсептейм», — деп билдирген ал.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Коммисиянын чечими боюнча, Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына 5%дык босогодон өткөн алты партия кирет.

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 17,32%;
  • «Ишеним» — 13.61%;
  • «Ынтымак» — 11.00%;
  • «Альянс» — 8.35%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 7.04%;
  • «Ыйман Нуру» — 6.17%.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына өткөн депутаттар бүгүн, 29-декабрда ант берип жатат.

Тема боюнча:

Жетинчи чакырылышка кимдер келет?

Бишкектин эки округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт