Айзада Канатбекованын апасы зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүчү фонд ачат

Адвокат Нурбек Токтакунов алгач уурдалып, андан соң муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы кызынын элесине арнап «Айзада» аталышындагы фонд ачып жатканын «Клоопко» маалымдады. Фонду түзүүнүн негизги идеясы —зомбулукка каршы күрөшүүдө коомчулуктун күчүн мобилизациялоо.

«Фонд ачуу — бул Айзаданын апасы Назгүлдун демилгеси. Мен жактоочу катары жардам берүүгө милдеттүү деп эсептейм, андыктан фондго юридикалык кеп-кеңеш көрсөтөм. Назгүл өз кызын кайра кайтарып албашын түшүнөт, ошондуктан башка кыздар зомбулукка кабылбасын, кабылган болсо аман калсын деген максатта жардам көрсөткүсү келет. Биз дагы милиция өз ишин аткарышын каалайбыз, зомбулук маселесине шалаакы мамиле кылбаса дейбиз», —дейт Токтокунов.

Адвокаттын айтымында, фонд ачуунун бир нече себеби бар. Биринчиси — Айздананын өлүмүнө байланышкан иш боюнча укук коргоо орган кызматкерлеринин шаалакылыгы боюнча тергөөнү аягына чыгаруу керек.

Адвокат фондго маалыматтар менен иштей алган иликтөөчү-журналисттер дагы чакырыларын айтты.

«Азыр Айзада Канатбекованын өлүмүнө себепчи болгон милиционерлерди мамлекет калкалап жатат. Бул ишти изилдөөгө ресурстарыбыз жетишсиз болгондуктан, биз коомдук ресурстарды мобилизациялоону максат кылдык. Биз маалыматтар менен иштей алган иликтөөчү-журналисттерден жардам сурасак болот. Сот системасын Айзада Канатбекованын өлүмүнө себепчи болгон милиция кызматкерлерин шалаакы мамилеси үчүн жоопко тартуусу керек», — дейт Токтокунов.


Анын айтымында, фонддун дагы бир манилүү максаты — зордук-зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жардам көрсөтүү. Ошондой эле фонд кыздарды зомбулукка каршы күрөшүүгө үйрөтөт.


«Зордук-зомбулукка кабылган кыздар, коомдогу стереотиптердин басымы алдында, акырына чейин күрөшпөй, зордук-зомбулук тууралуу туугандарына жана укук коргоо органдарына билдирбейт. Бул аялдарга болгон зордук-зомбулукту жайылышына алып келет. Таалим-тарбия иштери — фонддун максаттарынын бири», — деди Токтакунов.

Адвокат фонду негиздөөгө Айзаданын таежеси дагы активдүү катышып жатканын айтып берди.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Арадан эки күн өткөн соң, Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адамдын сөөгү табылган.

Милиция эркек киши кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү коомдо резонанс жараткан. Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Эки күндүн ичинде милиция кызды уурдоого жардам бергендиги үчүн айыпталгандарды кармаган. Кызды уурдоого Теңизбаевге беш киши жардам берген: Кубаныч Токон уулу, Замирбек Раманкулов, Ажикабыл Рысбай уулу, Орозбек Нурумбетов жана Сыймык Молдосариев.

10-апрелде ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада 12 милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулганын, дагы 27 милиционер кызматына толук туура келбеси жөнүндө эскертүү алган, башка беш кызматкерге катаал сөгүш берилгенин маалымадаган.

Кызматынан бошотулгандардын арасында Бишкек ШИИБнин жетекчиси Матмусаев дагы болгон. Бирок Нурбек Токтакунов Матмусаев кайрадан министрликте иштеп жатканын айткан. Анын айтымында, аны Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси кылып дайындашкан. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, ЖМКлар да жазышкан, бирок ИИМден Матмусаевдин бул кызматка дайындалышын кабарлашкан эмес, ал эми патрулдук милиция ал ички иштер органдарында иштебегенин айткан.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши аны уурдап, кийин өз өмүрүн кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнөн улам токтотулган.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу, милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси боюнча дагы бир кылмыш ишин УКМК тергеп жатат. Бул тергөө жарым жылдан ашык жүрүп жатат жана кайсы этапта экени дагы деле белгисиз. Жабырлануучу тарап тергөө иш-чаралары өткөрүлбөй жатканын жана иш жабылып калышы дагы мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок УКМК тергөө уланып жатканын айтууда, ал эми Башкы прокуратура иш көзөмөлдөө органдарынын «өзгөчө көзөмөлүндө турганын» билдирген.