Видео: Талдыкурганда митингчилер Назарбаевдин эстелигин кулатты

Казакстандын Алматы облусунун административдик борбору Талдыкурган шаарында митингчилер экс-президент Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулатышты. Аталган эстелик 2016-жылы орнотулган болчу.

Назарбаев 1991-жылдын декабрь айында эгемен Казакстандын биринчи президенти болуп шайланган. Ал кызматын 2019-жылы тапшырып, көп өтпөй Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон. Бул кызмат Казакстандагы жогорку кызматтардын бири — Назарбаев аны өмүр бою ээлегенге укуктуу болгон.

Ал эми 5-январда Казакстандын бир катар шаарларында нааразычылык күчөгөн мезгилде президент Касым-Жомарт Токаев Назарбаевди Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан бошоткон. Эми бул кызматты өлкө башчысы Токаев өзү аркалайт.

Ошондой эле Токаев Казакстандын президенти жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары «жарандардын коопсуздугун жана тынчтыгын, ошондой эле өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн» каттуу чараларды көрүүгө даяр экенин белгилеген.

2-3-январь күндөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары башталган. Митингге миңдеген киши чогулган. Алар газдын баасын төмөндөтүүнү жана акимдерди шайлоо жолу менен кызматка дайындоону талап кылышкан.

Ал эми 4-январда нааразылык акция Нур-Султан (Астана), Алматы, Чымкент, Караганды, Атырау, Актөбө жана башка шаарларында өткөн. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган.

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жолдоп, калкты сабырдуулукка чакырды. Казак басылмаларында жарыяланган президенттин видео кайрылуусунда «бийлик кулатылбайт» деп ишендирген.

Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн күнөө өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалаган.

5-январга караган түнү Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Ошол эле күнү митингчилер Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алышкан. Ал эми казакстандык ЖМКлар Алматыда президенттик резиденциясында өрт чыкканын кабарлашкан.

Мындан улам Токаев Алматы шаарында, Мангыстау облусунда, кийинчерээк борбор калаа Нур-Султан жана Алматы облусунда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген.

Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдады — жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан алынды

Алматы: 500дөн ашуу жаран сабалды, 120дай унаа өрттөлдү