Алматы: 500дөн ашуу жаран сабалды, 120дай унаа өрттөлдү

Сүрөт: Vlast.kz басылмасы

Казакстандын Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдады. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер болгонун белгиледи.

Коменданттын айтымында, Алматыда Өзгөчө абал киргизилгенине карабастан 5-январга караган түнү «экстремисттик топтор жанданган».

«Алардын мыйзамсыз аракеттеринен улам 120дан ашуун унаа каражаттары — анын ичинде 33 полициянын, Тез жардам бригадалардын жана өрт өчүрүүчү кызматынын унаалары өрттөндү. Бизнес да жабыркады: 120 дүкөн жана соода объектилер, 180 тамактануучу жай жана жеке ишкерлердин 100дөй офиси талкаланды», — деди Таймерденов.

Таймерденов 5-январда Алматы шаарына «экстремист жана радикалдар чабуулун улантганын» белгилеп, бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал көчөдөгү демонстранттарды тарап кетүүгө, ал эми тургундарды үйлөрүнөн чыкпоого жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мындан 5-январга караган түнү Алматы шаарында, Мангыстау облусунда, кийинчерээк борбор калаа Нур-Султанда жана Алматы облусунда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген. Буга Казакстандын бир нече шаарларында нааразычылык акциялары өтүп, кырдаал курчуп кеткени себеп болгон.

5-январга караган түнү Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Ошол эле күнү митингчилер Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алышкан. Ал эми казакстандык ЖМКлар Алматыда президенттик резиденциясында өрт чыкканын кабарлашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чал, кет!» Казак бийлиги газга болгон бааны түшүргөнү менен нааразылык акция уланып жатат

Кармоолор, ӨА режими, коменданттык саат — Казакстанда массалык нааразылык уланууда