Парламент кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселесин кароону жабык эшик артында улантты

7-январда ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кароо үчүн чогулган Жогорку Кеңештин депутаттарды маселени жабык кароого өттү. Жыйынды жабыш эшик артында улантууну УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сунуштады.

«Регламенттин 36-беренесинин 1-пунктунун негизинде эл аралык келишимдер, аскердик маанидеги маселелер жабык эшик артында каралат, чечип берип коюңуздар», — деп кайрылды Ташиев депутаттарга.

Сунушту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана депутаттар дагы колдоду.

Буга чейин чукул жыйын бир сааттан ашык ачык өткөн болчу. Анда кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы пикирин билдирген депутаттар суроо узатышты.

Депутат Дастан Бекешев Казакстанга сырттан кол салуу коркунучу болбогонун белгилеп, Кыргызстандагы окуяларды мисал келтирди.

«Элестетип көрсөңөр, 2020-жылы октябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ички саясий процесстерин чечүү үчүн ЖККУдан жардам сурап, атаандаштарынын баарын террористтер деп атаганын. Мындай тобокелчилик дагы болушу мүмкүн эле да, тилекке каршы», — деп билдирди ал.

«Албетте, мунун баары саясий абалдан көз каранды», — деп жооп айтты Ташиев.

Ошол эле учурда, Ташиев Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү жана Казакстанга коңшулаш мамлекет катары «аскер жөнөтүүгө милдеттүү экенин» бир нече жолу кайталады.

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов Казакстандын ичине бүлүк салгандар «террорист экени далилдендиби, болсо кайсы уюмдан же жалпы Казакстандан көтөрүлүп келгендердин баары террористпи» деген суроо салды.

Ага Камчыбек Ташиев «биз казак элин эч убакта террорист деп эсептеген эмеспиз» деп жооп берди.

«Алардын арасында деструктивдүү күчтөр бар экени анык. Ошол себептен көптөгөн мамлекеттик мекемелер өрттөндү, азыр маалымат келип жатат, ондогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болду. Ушунун баары террордук акты деп саналат», — дейт Ташиев.

Казакстандагы митинг жана ЖККУ

Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаал боюнча 6-январда чукул жыйынга чогулмак. Анда парламент ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин талкуулап, Кыргызстан аскерлерин жөнөтөбү же жокпу чечиши керек болчу.

Бирок бир саат ичинде каттоодон болгону 39 депутат өтүп, кворум чогулбай калган. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муну кышкы каникулга байланыштуу депутаттар региондордо жүргөнү менен түшүндүргөн.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартрып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат — азыркы тапта 18 укук коргоо кызматкери көз жумганы белгилүү.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).