Алматыдагы акцияда 11 жаштагы бала жана 4 жашар кыз каза тапканы маалымдалды

Наарзылык акцияларынан кийинки Алматы акиматынын көрүнүшү. Сүрөт социалдык тармактардан алынды

Казакстанда дээрлик бир аптага созулган нааразылык акциялар учурунда жаш балдар каза тапканы айтылды.

Өлкөнүн балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыдагы башаламандыктарда 11 жаштагы бала каза болгонун билдирди. Анын айтымында, өспүрүм ата-энеси менен көчөдө баратканда ок тийген.

Андан сырткары Саин оорукананын реанимация бөлүмүндө 15 жаштагы бала оор абалда жатканын белгиледи. Акыйкатчы өспүрүмдүн атасы да жабыркап ооруканага түшкөнүн кошумчалады. Маалыматка ылайык, ата-бала унаада баратканда аларга карата ок чыгарылган.

Ошондой эле, Orda.kz басылмасы Телеграм-каналында Алматы моругунун алдында тартылган видео жарыялады. Басылманын башкы редактору каза тапкандардын жакындары менен баарлашкан.

Алардын бири Айдос Мельдыхан унаада азык-түлүк сатып алуу үчүн баратканда төрт жашар кызы каза тапканын айтып берген. Унаага карата атылган ок кыздын башына тийген. Алматынын тургуну андан сырткары унаада эки жаш бала болгонун, алардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн кошумчалаган.

Бийликтин расмий маалыматы боюнча, күч түзүмдөрүнүн 18 аскери жана 26 жаран каза тапкан. Каза тапкан жарандар куралчан болгону жана алар «ликвидациялоо» операциясынын алкагында өлтүрүлгөнү кабарланды.

Казакстандын ИИМи билдиргендей, башаламандыктарга катышкан 5135 адам кармалып, полиция 125 кылмыш ишин козгоду.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Казакстандагы нааразылык

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда ЖККУнун чечимин карап чыгып Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.