Бишкек: Курулушу толук бүтө элек имараттан секирүүгө аракет кылган киши куткарылды

Бишкек шаарында 9-январда курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттан секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган 30 жаштагы киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына ылайык, ӨКМге эркек киши «Азия Молл» соода борборунун жанында салынып жаткан кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген министрликтин беш кызматкери эркек кишини куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

2021-жылдын 19-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаарында курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган киши куткарылган. ӨКМнин маалыматы боюнча, жанын кыюуга барган киши мас абалында экени аныкталган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Сегизинчи кабаттан секирген бала ооруканага жетпей каза болду

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган аял куткарылды