Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирди.

Маалыматка ылайык, президент өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат.

«Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин, 1-январда Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Караколдогу лыжа базасына лыжа тепкени барган. Ал базаны жарнамалап, туристтерди Кыргызстанга келип эс алууга жана лыжа тебүүгө чакырган.

Ал эми 6-январда президент Бишкектеги «Чынар» универмагына барган. Социалдык тармактын колдонуучулары президент соода борборуна үй-бүлө мүчөлөрү менен келгенин айтышкан. Алардын айтымында, ГУМду кыдырып, бир нече бутиктерге кирип, алардын биринен өзүнө күндөн сактоочу көз айнек сатып алган.

Ал эми 2021-жылдын 1-августунда Президент Садыр Жапаров жана үзөңгүлөшү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде эс алган болчу.

Президенттин басма сөз кызматы адаттагыдай эле өлкө башчысы эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган эмес. Ысык-Көлгө сапар алганы тууралуу маалымат дагы айтылган эмес. Жарандар өлкө башчысы көлдө жүргөнүн соцтармактардан билген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Скутер жана селфи. Жапаров менен Ташиев Ысык-Көлдө эс алды

Көз айнек, селфи жана эл менен баарлашуу. Садыр Жапаров ГУМда соода кылды