«Аксакалга жардам берип жатканда атып кетишкен». Алматыда каза тапкан кыргыз жаранынын өлүмүнүн чоо-жайы

Азиз Мусаев

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда каза тапкан кыргыз жараны фитнес-тренер Азиз Мусаев экени белгилүү болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, Мусаев үй-бүлөсү менен Алматынын борбордук аянтынын жанында жашачу. Соцтармактын колдонуучулары маркумдун аялына таянып, «Мусаев 6-январь күнү саат 22:30 чамасында үйүнүн жанында жарадар болгон аксакалга жардам берип жатканда аны атып кетишкенин» билдиришти.

Ал эми алардын жанынан өтүп бараткан дагы бир киши жарадар болгону айтылды.

Мусаев Алматы шаарындагы Luxor фитнес клубунда машыктыруучу болуп иштеген. Анын сүрөтү менен ал тууралуу маалымат клубдун сайтынын башкы бетинде жайгаштырылган.

Ал клубда мастер-тренер, инструктор, пауэрлифтингдин спорт чебери болгон. Ошондой эле пляж бодибилдинги боюнча Алматы шаарынын күмүш медалынын ээси.

10-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматы шаарындагы башаламандыктар учурунда бир кыргызстандык каза болгонун билдирген.

Анын айтымында, элчиликтин кызматкерлери анын тек-жайын аныктоо жана сөөгүн алып келүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Дүйшөкеев Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере электигин белгилеген.

Ал эми ТИМ кече карата Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 5 жараны кармалганы тууралуу «маалымат бар» деп маалымдаган.

Ошондой эле министрлик Казакстанда убактылуу жүргөн 14 кыргыз жараны коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эвакуацияланганын билдиришкен.

Мындан сырткары, ТИМден Казакстандагы авикаттамдар токтотулгандыктан, дагы 15 кыргыз жаранын темир жол менен Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатканын белгилешкен.

Элчи: Алматыда башаламандыктар учурунда кыргыз жараны каза болду