Элчи: Алматыда башаламандыктар учурунда кыргыз жараны каза болду

Алматы, 5-январь. Сүрөт: Vласть.kz

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктар учурунда кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, маркум Алматы шаарында фитнес-машыктыруучу болуп иштеген. Учурда элчиликтин кызматкерлери анын тек-жайын аныктоо жана сөөгүн алып келүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Дүйшөкеев Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере электигин белгиледи.

Ал эми ТИМ кече карата Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 5 жараны кармалганы тууралуу «маалымат бар» деп маалымдаган.

Ошондой эле министрлик Казакстанда убактылуу жүргөн 14 кыргыз жараны коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эвакуацияланганын билдиришкен.

Мындан сырткары, ТИМден Казакстандагы авикаттамдар токтотулгандыктан, дагы 15 кыргыз жаранын темир жол менен Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатканын белгилешкен.

ТИМ Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Министрлик Казакстанда жүргөн кыргыз жарандары консультативдик-укуктук мүнөздөгү суроолор боюнча Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуусун эскертти:

  • +7 777 8150072 — Кайрат Жакыпов;
  • +7 777 0371448 — Гульзат Абдурасулова;
  • +7 777 0275596 — Жаркынай Сансызбаева;
  • +7 775 4634295 — Медер Сапаралиев.

Ошондой эле, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин ишеним телефонуна дагы консультация алуу үчүн кайрылса болот:

  • +996 551 312 000;
  • +996 555 007 626;
  • +996 708 52 21 37;
  • Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33, +7 (777) 4733009

Коңшу өлкөнүн бийлиги 7-январдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы жети өткөрмө бекеттин бешөөсүн убактылуу жапкан. Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Чүй облусундагы «Чалдыбар — Автожол» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка — Автожол» пункттары «COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен» штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.

ТИМ: Казакстанда убактылуу жүргөн 14 кыргыз жараны эвакуацияланды