ТИМ: Казакстанда убактылуу жүргөн 14 кыргыз жараны эвакуацияланды

Казакстанда убактылуу жүргөн 14 кыргыз жараны коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга жеткирилди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандарды өлкөгө алып келүү иштерин Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу, Алматы облусундагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте уюштурган.

«ТИМ жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында, убактылуу эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ТИМ Казакстандагы авикаттамдар токтотулгандыктан, дагы 15 кыргыз жаранын темир жол менен Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Министрлик Казакстанда жүргөн кыргыз жарандары консультативдик-укуктук мүнөздөгү суроолор боюнча Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуусун эскертти:

  • +7 777 8150072 — Кайрат Жакыпов;
  • +7 777 0371448 — Гульзат Абдурасулова;
  • +7 777 0275596 — Жаркынай Сансызбаева;
  • +7 775 4634295 — Медер Сапаралиев.

Ошондой эле, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин ишеним телефонуна дагы консультация алуу үчүн кайрылса болот:

  • +996 551 312 000;
  • +996 555 007 626;
  • +996 708 52 21 37;
  • Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33, +7 (777) 4733009

Коңшу өлкөнүн бийлиги 7-январдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы жети өткөрмө бекеттин бешөөсүн убактылуу жапкан. Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Чүй облусундагы «Чалдыбар — Автожол» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка — Автожол» пункттары «COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен» штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.

Казакстандагы нааразылык акция

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошулган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда ЖККУнун чечимин карап чыгып Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.

Негизги беттеги «Азаттыктын» архивдик сүрөтү.