Баткен: ИИМдин ички аскери «кокустан атылган октон» каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Лейлек районундагы Сада айылында ИИМдин ички аскери чогуу кызмат өтөгөн жоокерди «кокустан» атып алды. Жаракат алган 19 жаштагы аскер ооруканада каза тапты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 9-январда болгон. Анда министрликтин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн жоокерлери Чек ара кызматынын жоокерлери менен бирге Садага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышкан.

Ички аскерлер «ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам» 20 жаштагы катардагы жоокер кокусунан бет маңдайда турган 19 жаштагы аскер тарапка ок чыгарып алган.

Жарадар болгон жоокер дароо ооруканага жеткирилген, бирок көп өтпөй каза тапкан.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскерлердин жоокери "АКСУ" ок атуучу куралын колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойноп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам шеригие атып алган», — деп билдиришти ИИМден.

Учурда Ички аскерлердин жетекчилиги милиция кызматкерлери менен бирге окуянын бардык жагдайларын иликтөөнү башташты.

Өткөн жылдын июнь айында Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан эки аскер октон жарадар болгон. Анда УКМКдан окуя «куралды этиятсыздык менен колдонуудан» улам орун алганын айтышкан.

Биринчи аскер жеринде каза тапкан, экинчиси ооруканага жеткирилип бирок эки күндөн кийин жан берген. Чек ара кызматы аталган окуянын чоо-жайы боюнча маалымат берген эмес. Бирок тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүп жатышканын белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Куралды этиятсыз колдонуудан улам бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду

УКМК: Куралды этиятсыз колдонуудан улам бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду