Скутер жана селфи. Жапаров менен Ташиев Ысык-Көлдө эс алды

Президент Садыр Жапаров жана үзөңгүлөшү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-августта Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде эс алды. Андагы видеону Жапаровдун жардамчысы Адинай Марипова жарыялады.

Ошондой эле ал Ташиев менен Жапаровдун сууда скутер айдап жүргөн сүрөтүн дагы жүктөгөн.

Жапаров менен Ташиевдин ортосунда «тымызын тиреш» башталды делген маалыматтын шартында экөө эс алууда жүргөнү белгилүү болду. Алардын ортосундагы тиреш тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев айтып чыккан. Ал Жапаров менен Ташиев «бийлик бөлүшө албай жатат» деп айткан.

Президенттин басма сөз кызматы адаттагыдай эле өлкө башчысы эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган эмес. Ысык-Көлгө сапар алганы тууралуу маалымат дагы айтылган эмес. Жарандар өлкө башчысы көлдө жүргөнүн соцтармактардан билген. Президенттин сапары тууралуу алгач Ысык-Көлгө бараткан Жапаровдун кортежине жол бошоткон айдоочулар уккан.

Андан кийин 31-июлда ӨКМ Каракол шаарында сел жүргөнүн билдирген. Натыйжада Каракол дайрасынын жээгинде жашаган 27 үйдүн тургуну эвакуацияланган.

2-августта ӨКМ Каракол жана Балыкчы, андан тышкары, Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунда 342 турак үйдүн короосун, анын ичинде 67 үйдү ичинен суу каптаганын билдирген.

Жапаров менен Ташиев Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде бүткүл облус боюнча көлгө жакын жерлерде сел жүрүп жатканда эс алууда болушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, 30-июлда Балыкчы шаарында, Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда жана Кара-Талаа менен Оттук айылдарында сел жүргөн.

31-июлда болсо ӨКМ Каракол шаарында дагы сел жүргөнүн кабарлаган. Анын кесепетинен Каракол дарыясынын жанындагы 27 үйдүн жашоочулары жабыркап, тургундары суу каптоо коркунучунан улам коопсуз аймактарга эвакуацияланган.

Мындан тышкары, Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» Коомдук фондунун зоопаркын дагы суу каптаган.

«Тосмолор сынып, кызматкерлер тамактанган жалгыз үйдү, жолдорду жууп кеткен, кабелдер бузулуп, жарык жок», — деп фонддон билдиришкен.

Зоопарктын кызматкерлери жаныбарларды кургак жерлерге көчүрүүдө. Мындан тышкары, селдин кесепетинен зоопаркка кошумча каражат керектелет.

Ошол эле учурда, социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларда жана мамлекет башчынын сайтында Ысык-Көлгө түшкөн селден улам Жапаровдун реакциясын чагылдырган маалымат азырынча жарыялана элек.