Qazaqstan телеканалы Рузахуновдун кармалганы тууралуу видеону өчүрдү

Qazaqstan телеканалы YouTube каналынан кыргызстандык Викрам Рузахунов кармалганы тууралуу видеону өчүрдү. Бирок «Хабар 24» мамлекеттик каналында видео дагы деле көрсөтүлүп жатат.

Пианист Викрам Рузахунов Казакстандагы башаламандыктарга жана терроризмге аралашканын мойнуна алган сурак учурундагы кадрларды дал ушул эки канал тараткан.

Кийин кадрлар интернетке тарап, коомчулукта чоң резонансты жараткан.

Казакстандын атайын кызматынын жаңылыштыгы

Чынында, алгач Рузахуновду эч жакта иштебеген талап-тоноонун катышуучусу катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок видеодогу сурак берип жаткан адам кыргызстандык белгилүү пианист экени белгилүү болгондон кийин, Казакстандын ИИМи кармалган жаран Закир Убуров деп айта баштаган.

Рузахуновду видеодон туугандары, достору жана кесиптештери таанып калган. А эми Закир Убуровдун иниси видеодо агасы Закир эместигин, жана алардын фамилиясы Юбуров экенин айтып, ал тургай паспортун дагы жарыялаган болчу.

Сурак берген жаран 2-январда Алматыга концерт коюу үчүн кеткен пианист болгон. Ал эми Закир Юбуров — бир жарым жылдан бери Алматыда жашап, базарда иштеп жүргөн кыргызстандык. Ал 7-январда мечитке барып, андан кийин Кыргызстанга келмек, бирок аны блокпосттон кармап калышкан.

Кыргызстандын жарандарынын кармалышына байланыштуу ТИМ Казакстанга нааразычылык нотасын жөнөткөн — ведомство ар бир кыргызстандыктын кызыкчылыгын коргой турганын кошумчалаган.

Рузахуновдун кармалышына президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев реакция кылган. Жапаров бардык ведомстволорго тийиштүү тапшырмаларды бергенин билдирген.

Ташиев кыргыз бийлиги Казакстандагы кыргыз жарандарын мародёр катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканына нааразы экенин айткан.

Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Викрам Рузахуновду кыйноого алганы үчүн кылмыш ишин козгоону сунуштаган. Андан сырткары, көзөмөл органдан укук коргоо органынын кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүү боюнча Казакстанга сунуштама жөнөтүү өтүнүчү айтылган.

Токаев жана террористтер

Казакстанда 2-январда башталган нааразычылык акцияларынын фонунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Кийинчерээк Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян ЖККУ Казакстанга тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтө турганын кабарлаган.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 7-январдагы отурумунда Кыргызстандан Казакстанга 150 адамдан турган өздүк курам, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрү белгилүү болгон.

6-январдан тарртып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.