Султанбаев: Айрым ЖМКлар Жапаровдун Казакстандагы кыргыздар жөнүндө сөзүн туура эмес чечмелешкен

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ЖМКлар Садыр Жапаровдун Казакстандагы кыргызстандыктар тууралуу айткан сөзү туура эмес чечмеленип жатканын айтты.

«Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан Кыргызстандын бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди. Редакциялардан Президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм», — деп жазды Султанбаев Фейсбук барагында.

Буга чейин Жапаров социалдык тармактар аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялап, анда Казакстандагы акциялардын катышуучуларынын арасында кыргызстандыктар да бар болушу мүмкүн деп айткан.

«Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз», — деп убада кылган президент.

Мурдарак айрым орусиялык ЖМКлар Жапаровдун билдирүүсү жөнүндө жаңылыктарга мына мындай аталыштарды коюп жарыялашкан:

Коллаж.

Жапаров Викрам Розахунов тууралуу алгачкы билдирүүлөр пайда болору менен министрликтерге дароо тийиштүү тапшырмаларды бергенин, алар Казакстандын министрликтери менен зарыл иштерди жүргүзүп жатканын дагы белгилеген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстандагы нааразылык: Кыргызстандын ТИМи казак элчисине нота тапшырды

ИИМ: Викрам Рузакунов Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылган