Ош: «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты 100дөгөн кишиге ресторанда чай берди

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Фархат Исмаилов Ош шаарындагы ресторандардын биринде 100дөгөн кишиге чай берди. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Эрнис Нурдин жазды.

Нурдин жарыялаган сүрөттөрдөн маареке шаардагы Eldorado Grand ресторанында өткөнүн көрүүгө болот. Ал салтанатка 700-800 киши катышканын белгилеген.

«Ош шаары көп улуттуу калк болгондуктан, депутат Фархат Исмаиловдун сыйына ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышып, бир дастаркондо бийлеп-чоорлоп кайтышты», — деди ал.

Сүрөт: Эрнис Нурдин

Депутаттын бир тууганы, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов «Клоопко» чай 9-январда берилгенин билдирди. Ал иш-чарага «үй-бүлөсүнүн жакындары, агасынын шайлоочулары жана үгүтчүлөрү гана келди» деп ишендирди.

«Ыраазычылык катары чай берди. Чоң кызматтагылардан эч ким келген жок. Өзүбүздүн жакындар гана болду», — деди ал.

Исмаиловдор жана «Ата-Журт Кыргызстан»

Фархат Исмаилов парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын курамында барып, жыйынтыгында партиянын ичинде добуштардын саны боюнча экинчи орун менен мандатка ээ болгон.

Парламентке келгенге чейин Исмаилов жеке ишкерлик менен алектенген. Ал «Алай Инвест» ЖЧКсы жана «Ай-Балта» күзөт агенттигинин негиздөөчүсү.

Ал эми Нурбек Исмаилов 2021-жылы Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барып мандат алган. «Ош-Тазалыктын» башчысы жаңы мэр шайлангандан кийин мандатынан баш тартып койгон.

Анын себебин Исмаилов мыйзамды билбегени менен түшүндүргөн. Ал бир учурда депутат да, муниципалдык ишкананын жетекчиси да болгусу келген.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу» деп айтылып келет. Бирок Ташиев жана партиянын лидери Айбек Маткеримов бул маалыматты четке каккан. Бирок Маткеримов Ташиев анын «жакын адамы» экенин ырастаган.

Исмаиловдорго байланыштуу чуулар

2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов ыктымал Фархат Исмаиловду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар бардыгын текшерүүнү өтүнгөн.

Ал убакытта Исмаилов парламенттик аппаратта иштегени айтылган.

Мындай айып Исмаиловго ошол кездеги спикер Ахматбек Келдибековдун «мыйзамдагы ууру» менен жолугушуусу кызуу талкууга алынган маалда тагылган.

Ал эми Нурбек Исмаилов «Клоопко» курган маегинде анын агасынын кримчөйрөгө «тиешеси жок» деп билдирген.

Нурбек Исмаилов «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруштун мушкери. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал «Адыгине Файтер» спорттук клубунда машыккан. «Ош-Тазалыкка» келгенге чейин Ош шаарынын борбордук базарында салык инспектору жана автобустар паркында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Исмаилов «Адыгине Файтер» клубунун спортчулары менен бирге Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын бирин көзөмөлдөгөн.

Бир нече ЖМКлардын өкүлдөрү — алардын арасында Ош шаардык мэриясынын мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров — Исмаиловдун спортчулары «шайлоону жүрүшүн чагылдырган журналисттерди ур-токмокко алган» деп айыптаган. Бирок иш сотко жеткен эмес.