Пара опузалоого шектелген Октябрь райондук прокурордун орун басары үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара опузалоого шектелип кармалган Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, сот отуруму 10-декабрда өтүп, Айдаровдун камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы эч жакка кетпөө шарты менен үй камагына чыгарууга өзгөртүлгөн.

«Сот отурумунда аныкталгандай, Айдаров анча оор эмес кылмыш жасады деп айыпталып жатат, туруктуу жашаган жери бар, ал мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштө күнөөлүү экенин моюндаган», — деп жазылат билдириүүдө.

2021-жылдын 22-ноябрында Биринчи май райондук соту прокурордун орун басары Алтынбек Айдаровду 2022-жылдын 17-январына чейин камакка алган болчу. Ал пара опузалоого шектелип кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

Укук коргоо органдары жарыялаган видеодон шектүүнү тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери акыркы үлгүдөгү iPhone 13 Pro телефонун далил катары таап чыкканын көрүүгө болот.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн А.А.Э деген инициалдар менен берген. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, бул инициалдарга Алтынбек Айдаров туура келет.

Тема боюнча:

iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурордун орун басары эки айга камакка алынды