Түрк ишкерин уурдоо иши: УКМК эки шектүүгө издөө жарыялады

Болот Матраимов / Ниязалы Махаматкарим уулу

2021-жылдын декабрь айында Кыргызстанга учуп келген түрк ишкерин уурдоого тиешеси бар эки шектүүгө издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 23 жаштагы Ниязалы Махаматкарим уулу жана 50 жаштагы Болот Матраимов. Атайын кызмат алар «ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн» деп эскертти.

«УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо (0312) 620585, (0312) 660475, (0312) 626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Махаматкарим уулу «Компания Аманат» ЖЧКсын жетектейт. Ал эми Матраимов «Империал Строй Сервис» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү. Эки шектүү тууралуу ачык булактардан башка маалымат табууга мүмкүн болгон жок.

Түрк ишкеринин аэропорттон уурдалышы

Кармалган шектүүлөр

УКМК Түркиянын жаранын Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунан уурдап, 3 млн доллар талап кылган кылмыштуу топту кармаганын 11-декабрда кабарлаган.

Атайын кызмат ишкерди уурдоону анын досу жана бизнес-өнөктөшү «А.Б.» уюштурганын аныкталганын билдирген. Ал кылмышты ишке ашыруу үчүн кишилерди таап, даярдыктарды көргөнү айтылган. Аталган ишкерден сырткары кармалгандардын арасында активист Сезимай Жунусова (Бегимай Жоробаева), Чүй облустук милициянын «Манас» аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы Тынчтык Пратов жана «Ж.Б.» аттуу киши болгон.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Кыргызстанга 1-декабрда учуп келген. Бирок «документтерди текшерүү керек» деген шылтоо менен кармалып «Манас» аэропортунун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Андан соң кылмыштуу топкө киргендер тапанча такап коркутуп, бардык баалуу буюмдарын (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашканы айтылган.

Кийин уурдагандар «А.Б.» аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны бошотуу үчүн 400 миң доллар алууга макул болуп түрк ишкерин коё беришкени маалымдалган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Ал эми Жунусованын жактоочусу Кутман Медетбеков басма сөз жыйын куруп, анын кардарынын бул кылмышка «тиешеси жок болгондугун» билдирген.

Медетбеков бул иште негизги шектүү Нияз Махамадкарим уулу аттуу киши дейт. Анын айтымында, ал Жунусовага байланышып милиционер керек болуп жатканын айтып жардам сураган — ал муну Кыргызстанга келе жаткан түрк жаранынын документтерин текшерүү керек болгону менен түшүндүргөн. Ал эми Жунусова ага «Манас» аэропортунда иштеген милиционер таап бергенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түрк ишкерин аэропорттон уурдап, 3 млн $ талап кылуу иши боюнча төрт киши кармалды

Түрк ишкерин уурдоо: Сезимай Жунусованын жактоочусу УКМК окуяны «бурмалап жатат» деди