ССМ: Оштогу балдар ооруканасында узун кезек бейтаптарды коштогондор көп болгондуктан жаралган

Социалдык тармактарда Ош облустук балдар ооруканасында тартылган видео тарады. Анда көптөгөн ата-энелер жаш балдары менен оорукананын кире беришине батпай, кезекке турууга аракеттенип жатышканын өтүүгө көрүүгө болот.

Тасманын автору окуя 11-январда болгонун белгилеп, «540 орунга ылайыкталган оорукана кичинекей бейтаптарды кабыл албай жатат» деп маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан видео Ош облустук балдар ооруканасынын поликлиникасында тартылганын тастыкташты. Ошол эле учурда министрликтен ооруканада орундар жетиштүү болгонун, тасмада «бейтаптардан аларды коштоп келгендер көбүрөөк болгондуктан» мындай кырдаал жаралганын билдиришти.

Ал эми Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов учурда мекемеде 40 бош орун бар деп ишендирди. Анын айтымында, кезекте тургандардын көбүнө амбулатордук дарылануу кажет.

«Биз бул [40] орундарды ыкчам учурлар үчүн сактоого аракет кылабыз. Мындай кезек биринчи жолу пайда болгон жок — алар бизде орундар же дарыгерлер жетишсиздиктен эмес, бир жаш баланы 3-4 киши коштоп келгенинен пайда болуп жатат», — деди Абдурахманов.

Өткөн жылдын ноябрь айында аталган ооруканада орундардын жетишсиздигинен бейтаптар коридордо жатканы боюнча сүрөт соцтармактарда жарыяланган. Ошол учурда сасык тумоо жайылып, Ош облустук балдар ооруканасында 500дөн ашуун жаш бала дарыланып жатканы айтылган. Тасма социалдык тармакка жайылгандан кийин Ош шаардык балдар ооруканасында жаш балдар үчүн кошумча 60 орун даярдалган.