Бишкек: Унаадан 29 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды

14-январь күнү Бишкек шаарында токтоп турган унаадан 29 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева «Клоопко» билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Москва көчөсүндө токтоп турган BMW X6 үлгүсүндөгү автоунаада 25-30 жаштардагы кишинин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган ыкчам-терөө маркумдун аты-жөнүн тактады. Ал 1993-жылы туулган К.С. аттуу жаран экени белгилүү болду.

Басма сөз кызматтан тергөө тобу сөөктү кароо учурунда күч колдонуунун сырткы белгилери байкалган эмес деп билдиргенин кошумчалады.

Окуя каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-январында Ош облусунун Кара-Суу районунда «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү автоунаанын арткы отургучунан киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.