Ошто 20 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап каза болду

14-январда Ош шаарында 20 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-январда түнкү саат 03:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде катталды. Анда жаш кыз өзү убактылуу жашаган үйдүн ашканасынан кулаган.

«Учурда окуянын себептери иликтенип, тиешеси бар күбөлөр сурак берип жатат», — деп белгилешти Ош ШИИБден.

Андан тышкары, ведомствонун басма сөз кызматынан маркум Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну экенин, Оштогу орто окуу жайлардын биринин 2-курсунун студенти болгонун кошумчалашты. .

2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Анталия шаарында 18 жаштагы кыргызстандык турист жигит бешинчи кабаттын терезесинен кулап каза тапканын билдирген. Полиция жигит кандай жагдайда кулап кеткенин териштирип жатканы кабарланган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Сегизинчи кабаттан секирген бала ооруканага жетпей каза болду