Матраимовдун коррупциялык схемасына тиешеси бар делген 40 бажычынын көбү кызматынан бошотулду

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 16-декабрда ведомствонун коррупцияга шектелген кызматкерлери боюнча кызматтык иликтөө аяктаганын билдирди.

Буга чейин УКМК бажыдагы коррупциялык схемаларга аралашкан болушу мүмкүн делген жана ведомствонун төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун чөйрөсүндөгү 40 бажычыны аныктаган.

Кубанычбековдун айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгында, тизмедегилердин көпчүлүгү кызматынан бошотулган.

«Кээ бирөөнүн эч кандай тиешеси жок болуп да чыкты. Журналисттик иликтөө — бул чоң жумуш, бирок сиздерге сунуш, обьективдүү карасанар. Келечекте дагы силер бизге жардам берсеңер, эч качан зыяны болбойт, пайдалуу болот деп ойлойм», — деди Кубанычбеков.

Бажы кызматынын башчысы «Азаттыкка» курган маегинде кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын кат жүзүндө берүүнү убадалаган.

Тема боюнча: Матраимовдун чөйрөсүнө кирген 40 адам аныкталды — УКМК

«Матраимовдун бажы империясы»

2020-жылы октябрда иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров «Райымбек Матраимовдун бажы империясы» деп аталган иликтөө жарыялашкан. Анда журналисттер Матраимов өзүнүн тууган-уругу, жакындары, дос-чарлары менен биргеликте «эң кирешелүү делген бажы тармагын басып алганын» билдирип, аны тастыктоо үчүн 30га жакын кишинин ысымын ашкерелеген.

Матраимов жана коррупция

Райымбек Матраимов

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Ага чейин бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген.

Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылдагы «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRP’дын журналисттеринин бажыдагы кооррупциялык схемалар жөнүндөгү иликтөөсүндө айтылат.

Абдукадыр Сооронбай Жээнбековдун инагурациясында

Абдукардын үй-бүлөсү Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

Уулкан Тургунова, Аманда деген ысым менен белгилүү

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоо себеп болгон. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

Тема боюнча:

Блогер-депутат. Матраимовду актап, мамкызматка кайра алып келүүнү сурангандар кимдер?

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы