Жалал-Абадда өзүн «Ташиевдин тууганымын» деп официантты сабаган кишинин иши кыскартылды

Нургазы Мамасадыков

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы өткөн жылдын август айында калаадагы «Достор» кафесинде официанттын сабалышы боюнча кылмыш ишти кыскартты. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы жабырлануучу «эч кимге доосу жок экенин билдирип» тосмо арыз жазган. Анын негизинде сотко чейинки өндүрүш 2021-жылдын 21-октябрында кыскартылган.

Официантты сабаган «Ташиевдин тууганы»

Өткөн жылдын 8-октябрда «Кактус» басылмасына Жалал-Абаддын тургундары кайрылышкан. Алардын айтымында, 18-августка караган түнү «Достор» кафесине келген кардарлардын бири Нургазы Мамасадыков УКМК төрагасы «Камчыбек Ташиевдин тууганы» экенин айтып, эсепти төлөөдөн баш тарткан.

«Ал официант менен сүйлөшүүдөн да, эсепти төлөөдөн да баш тартты. Официанттын суранычтарына маани бербеди. Көп өтпөй кафеге чымыр денелүү үч киши келип, дароо официантты сабап киришти», — деп билдиришкен алар.

Кийинчерээк ур-токмокко алгандар официантты сыртка алып чыгышып, дагы сабап, «Ташиевдин тууганы» делген кишиден кечирим сураттырган. Бирок буга карабастан Мамасадыков официанттын жаагына урган.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылганда «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бир нече күндөн кийин официант жумушунан кеткен, ал эми Жалал-Абад ШИИБси ишти «Майда бейбаштыкка» алмаштырган. Милиция муну жабырлануучу алган жаракаттар «кичине эле» болгону менен түшүндүргөн.

Ал арада УКМК официантка кол салган кишинин «Камчыбек Ташиевге эч кандай тиешеси жок» деген билдирүү тараткан. Кийинчерээк шектүү Нургазы Мамасадыков өзү да кайрылуу жасап, Ташиев менен «тууганчылыгым, кудалыгым, катташым, эч кандай байланышым жок» деп билдирген.

Анткен менен Factcheck.kg басылмасы Мамасадыковдун атайын кызматтын башчысы менен байланышын аныктаган. Мамасадыков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды. Аталган партияны Ташиев менен президент Садыр Жапаров түптөгөн.

Мамасадыков менен бирге «Мекенчилдин» ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында Батырбек Сыргабаев да болгон — ал Ташиевдин «өкүл баласы» жана Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевдин бир тууган иниси.

«Батырбек Сыргабаев менен Нургазы Мамасадыковдун “Одноклассникиде” чогуу түшкөн сүрөттөрүнө карап, алардын дос экенине ынанууга болот. Батырбек ошондой эле Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев анын “өкүл атасы” экенин белгилеген», — деген журналист Актилек Капаров.

Ошол эле учурда Абсаттар Сыргабаев жана Шайырбек Ташиев 2020-жылы «Мекенчил» партиясынан талапкер болушкан. Учурда Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда официантты сабаган киши менен Ташиевди эмне байланыштырат?