Өмүрбек Текебаев: Мадумаров кол койгон протоколго Нурлан Сулайманов да кол койгон

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын башчысы Адахан Мадумаровдун 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол койгон протоколу тууралуу пикирин билдирди. Экс-депутат Мадумаровго карата козголгон кылмыш ишти «саясий куугунтуктоонун бир түрү» катары баалады.

Текебаев сөзүнүн башында аталган протоколдун мааниси менен макул эместигин белгиледи. Бирок Текебаев учурдагы мыйзам боюнча Мадумаровго карата кылмыш иши козголбошу керектигин айтты.

«Аталган протоколго 2009-жылдын жазында кол коюлган, 13 жыл өттү. Кылмыш мыйзамдарынын өзүнүн принциптери бар: мөөнөтү өткөн окуяларга кылмыш иши козголбойт [...] Козголуп калган иштер болсо, мөөнөтү өтөөрү менен автоматтык түрдө жабылыш керек деп турат», — деди Текебаев.

Саясатчы 2021-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесине таянып, «10 жыл өтүп кеткен окуяларга иш козголушу мүмкүн эместигин» билдирди. Текебаев ушул эле принцип Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинде жазылуу экенин белгиледи.

*Мыйзамга ылайык, эскирүү мөөнөтү «Адам өлтүрүү», «Кыйноолор», «Жашы жете электерди зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер», «Террордук акт» жана «Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо» беренелерине колдонулбайт. Ошондой эле тынчтыкка, адамзаттын коопсуздугуна каршы жасалган жана бир нече аскердик кылмыштарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Протоколго Нурлан Сулайманов дагы кол койгон

Нурлан Сулайманов

Өмүрбек Текебаев кыргыз-тажик чек арасындагы 275 метр жер боюнча 2009-жылдын декабрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү жолугушканын эске салды. Саясатчынын айтымында, анда кыргыз өкмөтүнүн атынан ошол кездеги транспорт министри Нурлан Сулайманов кол койгон.

«Парламентке келип түшкөн, бирок [2010-жылы] апрель революциясы болуп кетип [протоколду ратификациялоо тууралуу] мыйзам долбоору жаңы парламенттен өтпөй калган», — деди Текебаев.

*Нурлан Сулайманов 2012-жылы кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттик бюджетке 41 млн сом зыян келтирген деп айыпталган. Бирок Сулайманов жоопко тартылган эмес: ал дарылануу үчүн Германияга учуп кетип, ошол боюнча «дайынсыз болгон». 2016-жылы Нурлан Сулаймановдун иши кароо мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылган.

Ошондой эле Текебаев Мадумаровго карата кылмыш иши 2019-жылы козголгонун, ал кезде Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы болуп турганын эске салды. Саясатчы эгерде Жэнбековдун бийлиги «адилеттүү болуп, мыйзам боюнча иш кылабыз дегенде кылмыш иши Мадумаровго гана эмес, Нурлан Сулаймановго дагы коголушу керек эле» деген пикирин айтты.

«Бирок андай болгон жок. Нурлан Сулайманов [2017-жылы] президент Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкты, Мадумаров ага каршы чыкты. “Мадумаровго иш козголушу керек” деди, Нурлан Сулайманов жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Тескерисинче бийлик Нурлан Сулаймановду “Кыргызстан” партиясына киргизип, 2020-жылкы шайлоого аттандырды», — деди ал.

«Ата Мекендин» лидери жаңы президент Садыр Жапаров бул маселени кайра көтөрүп, бирок кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койгон Сулаймановго иш козголбогонун белгиледи. Ал тургай Сулайманов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган. Мындан сырткары, Сулаймановдун уулу — Элдар Сулайманов — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутаттык мандатка ээ болгон.

«Ар кандай деңгээлдеги документтер бар, бирок кылмыш иш Мадумаровго козголот, ал эми ишти кылып, Жогорку Кеңешке чейин алып келип киргизген адамдарга иш козголбойт. Ушунун өзү бир эле окуя боюнча эки башка адамга эки башка мамиле экендигин, бул тандалма процесс экендигин далилдеп турат. Мадумаровго каршы козголуп жаткан иш саясий мотиви, саясий ниети бар экендигин көргөзөт», — деп жыйынтыктады сөзүн Текебаев.

Эмне болгон протокол?

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон.

Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Феликс Кулов: Мадумаров кол койгон протоколдун юридикалык күчү жок

«Юридикалык күчкө ээ эмес кагаз үчүн мынча кыйкырып жатасың?» Адахан Мадумаров протокол тууралуу

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты