«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, өлкөдөгү саясий окуяларга комментарий берди.

Өлкө башчысы депутаттар Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы, абактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовго «кызмат сунуштаганын» жана Аскар Акаевдин «Кумтөр ишине» пайдасы тийгени тууралуу айтып берди. «Клооп» маектин урунттуу жерлерин баяндап берет.

Мадумаров жана Нарматова тууралуу

Адахан Мадумаров / Орозайым Нарматова

Садыр Жапаров маегинде «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Мадумаровду жана депутат Нарматованы кескин сындап, «коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек» деген оюн айтты.

*Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланышкан иш боюнча Башкы прокуратурада күбө катары сурак берүүдө. Ал эми УКМК Орозайым Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду «мыйзамсыз алганы» боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең "беттери калың" экен. Кыргызда “кыз боозуп, энесин коркутат” деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы [Ташиев] экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? “Колуң менен кылганды мойнун менен тарт” дейт кыргызда», — деди Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров Мадумаровдун Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесин 49 жылга тажик тараптын ижарага алуусу боюнча протоколун «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалады.

«Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин “артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат” деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, “артымда элим бар” деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет», — деди ал.

Кененирээк окуңуз: Мадумаровдун кадыр-баркы. «Бүтүн Кыргызстан» «Акипресстин» үстүнөн БШКга даттанды

«Бактыбек Калмаматовго биринчи вице-премьерликти сунуштагам»

Бактыбек Калмаматов сот залында. Сүрөт: «Азаттык» басылмасы

Жапаров учурда абакта отурган экс-депутат Бактыбек Калмаматов жана бир катар саясатчылар тууралуу да комментарий берди. Президенттин айтымында, 2020-жылдын 7-8-октябрь күндөрү ал өкмөттү жетектеп баштаганда Калмаматовго биринчи вице-премьер-министрлик кызматын сунуштаган.

«“Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам “вицеликти тарта албайм” деген Бактыбегим президент болом деп чыкты», — деди Жапаров.

*Калмаматов 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо 0,5% добуш алган. Учурда Калмаматов «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектелип, УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ошондой эле Жапаров оппозициячыл саясатчынын «артында турган карт бөрүлөр “сен ушинтип кыйкырып чык" деп көкүтүп сүрөп коюп жатышат» деген пикирде. Өлкө башчысы Калмаматовдун артындагы саясатчылар ким экенин билерин белгилеп, «алардын да жооп берчү убактысы келет» деп билдирди.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айында

Мындан сырткары, Жапаров 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин «мыйзамдын негизинде бийликке келгенин» белгиледи. Анын айтымында, ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен эч кайсы мекемени басып албай, «тескерисинче "өлкө боюнча басып алган мекемелерди бошоткула, башчысы качып кеткен болсо, орун басарлары иш алып барып турсун, мамлекеттин иши бир мүнөт дагы токтобосун" деп кайрылып жатышкан».

«[Курсан] Асановго окшоп ИИМди бир жума, башкаларына окшоп башка мекемелерди он күндөп басып олтурган эмеспиз [...] Бир айнек сындыртпай, бир дүкөндү тоноткон жокпуз — баарын аман-эсен сактап калдык. Бизди угуп, ошол күндөрү тартип сактап берген ар бир жараныбызга учурдан пайдаланып миң мертебе ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Ошондой эле, Жапаров 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкты мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ уюштурган деген пикирин айтты.

*ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановго алгач «Имараттарды жана курулмаларды басып алуу», кийинчерээк «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.

Дагы окуңуз: Эл аралык укук коргоочулар: Жапаровдун башкаруусунда бийликке сын айткандарга басым күчөдү

Аскар Акаевдин «жардамы»

Аскар Акаев 2021-жылдын август айында сурактан чыккан маалы. Сүрөт: «Клооп»

Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин «Кумтөр иши» боюнча УКМКга берген көрсөтмөлөрүнүн «пайдасына» да токтолду. Жапаровдун айтымында, Кумтөр маселеси боюнча «юридикалык документтерге кол коюу процесси жүрүп жатат» жана алар жаз айларына чейин бүтүүсү күтүлүүдө.

«"Кумтөр" бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем», — деп убадалады Жапаров.

*Аскар Акаев 2021-жылдын 2-августунда Кыргызстанга келип, УКМКга «Кумтөр иши» боюнча сурак берген. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин Садыр Жапаров менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барып келүүгө үлгүргөн. Ал эми 8-августта Москвага учуп кеткен, бирок мекенине кайтып келүү ниети бар экенин айткан. Акаевдин келиши коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кээ бир саясатчылар Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда кылган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Дагы окуңуз: Аскар Акаев: Бир гана Садыр Жапаров мага адилет мамилесин көрсөттү