Орозайым Нарматова сот адилеттигине ишенбегендиктен БШКны сотко бербейт

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова аны мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясын сотко бербейт. Бул тууралуу Нарматова 21-январда «Азаттык» үналгысына билдирди.

Нарматова «мандатын мыйзамсыз тартып алышканын белгилеп, сот адилеттигине ишенбей турганын» айткан.

«Бирок менин үнүмдү баса алышпайт. Депутат болбосом дагы жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем», — деди ал.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекетинин комитети менен Билим берүү жана илим министрлиги БШКга Нарматованын жогорку билими тууралуу маалымат берген. Ошонун негизинде 20-январда Боршайкомдун мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Отурумда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Орозайым Нарматова «орто кесиптик билими боюнча аттестатын көрсөтө алган жок» деп билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында Орозаймы Нарматова УКМКга сурак берип чыккан. Ал эми 15-январда анын атасы атасы да сурак берген. Атайын кызмат «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) «мыйзамсыз кабыл алынганы фактысы» боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген.

Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын айткан. Ал шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Ошондой эле, ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы ага карата «каралоо аракети» болуп атканын айткан.

2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Нарматова оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге парламентке депутат болуп келген. Аларга Жогорку Кеңештен 6 мандат тийген.