УКМК: Сокулукта соцфонддун жетектөөчү адиси пара алып жатканда кармалды

Чүй облусундагы Социалдык фонддун Сокулук райондук башкармалыгынын жетектөөчү адиси 19-январда пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-январында райондун тургуну соцфонддун З.Э.З. аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр жөнүндөгү документтин көчүрмөсүн алуу үчүн кайрылган. Бирок адис документ менен таанышып чыккан соң, анда «мыйзам бузуулар бар экенин» айтып, акча менен маселени оң жагына чечип берүүнү сунуштаган.

Аталган факты «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 2021-жылдын 8-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адисин пара алып жатканда кармаган.

Кызматкер тургундан балдарга пособия алуу үчүн берилген арызды кароо жана каттоо үчүн акча талап кылган. Бул иш «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тема боюнча:

УКМК: Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча адиси пара менен кармалды

Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы пара алып жаткан учурда кармалды