УКМК: Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча адиси пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси пара алып жатканда кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда Сузак районунун тургуну социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин үстүнөн УКМКга арыз менен кайрылган. Арыз ээси кызматкер балдарга пособия алуу үчүн берилген арызды кароо жана каттоо үчүн акча талап кылганын айткан.

Андан соң «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, 7-декбарда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С кармалган.

Буга чейин, 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча прокурордун орун басарын пара опузалоого шектеп кармаган.

Маалыматка ылайык, шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

Ага чейин, 22-октябрда Аскер прокуратурасы «ири өлчөмдө пара опузалоо» ишинин алкагында Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкерин кармаган.

Башкы прокуратура кармалгандар «кыйноо», «опузалап пара алуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатканын белгилеген. Тергөөнүн версиясына ылайык, милиционерлер алты баланын энеси Асыл Талипованы* камакка алуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалашкан.

*Асыл Талипова октябь айынын башында алдамчылыкка шектелип суракка чакырылып, андан соң кармалган. Жактоочусу Канат Хасанов Бишкек ШИИББдин имаратынын жанына жалгыз митингге чыгып, аялды бошотууну талап кылган. Эртеси күнү Асыл Талипова үй камагына чыгарылган.

Тема боюнча:

«Пара опузалоо иши». Октябрь РИИБдин төртүнчү кызматкери кармалды

iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурордун орун басары эки айга камакка алынды