Кыргыз жаранынын Алматыда сабалышы: ТИМ казак элчисине нота тапшырды

Тышкы иштер министрлиги 21-январда кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун окуясынан улам казак элчисине нота тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Чолпонбек Сыдыковду 9-январга караган түнү Алматы шаарында жергиликтүү күч органдары кармашкан. Анда Сыдыков полиция кызматкерлерине өткөрүп берилген, алар аны сабап, эки бутун жана кабыргаларын сындырышкан.

ТИМ «Казакстандын айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин Сыдыковго карата мыйзамсыз аракеттерди жасап, анын натыйжасында денеге оор залал келтирген аракеттери тынчсызданууну жаратат» деп билдирди.

Мындан тышкары, ведомстводон «казак бийлиги окуянын бардык жагдайларын тактап, бардык күнөөлүү аткаминерлерди жоопкерчиликке тартып, кыргызстандыктын ден соолугуна оор залал келтиргендиги үчүн компенсация төлөп берип, кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүшү зарыл экенин» белгилешти.

Сыдыковдун дайынсыз болушу

Чолпонбек Сыдыков 8-январдан бери дайынсыз болуп жаткан. Алматыдагы курбусу Айгүл Сартбаева социалдык тармактарда ал кармалганын жана аны кайда алып кетишкени белгисиз экенин жазган.

Кыргыз жараны 11 күндөн кийин Алатау районунун оруканасынан табылган.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун айтымында, кыргызстандыкты күч органдары 9-январга караган түнү кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен, алар аны сабаган. Башкы консулдун маалыматына ылайык, Сыдыковдун эки буту жана кабыргасы сынып, ооруканага жеткирилген.

«Аны алгач аскерлер кармап, андан соң полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Андан соң сабап, 2 бутун, кабыргасын сындырышкан. Ооруканага жеткиргенден кийин эч кандай маалымат беришкен эмес», — деди Арипов.

Чолпонбек Сыдыков 20-январда тез жардам унаасы менен мекенине алынып келинген. Кыргызстанга келгенден кийин дароо Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктын баш мээси жабык жаракат алган, мээси чайкалып, кабыргалары көп жолу сынган, эки бутунун балтыр сөөктөрү жылышып, ачык сынган.

«Бейтаптын абалын адистер туруктуу оор деп баалап жатышат. Бейтап реанимация бөлүмүнө жаткырылды, абалы жакшыргандан кийин адистештирилген бөлүмгө которулат. Дагы кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөт, учурда жабырлануучуну дарылоо иштери башталды», — деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле Сыдыковго бардык медициналык жардам мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлөрүн белгиледи.