Тажик тараптын нааразылыгынан улам чек араны зым менен тосуу иштери убактылуу токтотулду

Видеодон алынган скриндер

Баткендин Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында 23-январда пикир келишпестик катталып, чек араны зым менен тосуу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-январда кыргыз жарандары Эски-Оочу айылына караштуу Сай аймагынын Козу-Баглан дарыясынын жээгиндеги такталбаган жерге мал-жандык өтпөшү үчүн казык орнотуу жана зым менен тосуу иштерин башташкан.

Бирок саат Тажикстандын чек ара кезмети келип «тосмону орнотууга эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн чечими керек» деген себеп менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан.

Анткен менен Чек ара кызматынан курулуш иштери 21-январда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара тозот башчылары тарабынан макулдашылганын маалымдашты. Анткен менен жаңжал чыгып кетпеши үчүн зым менен тосуу иштери убактылуу токтотулду.

Аймактагы маселени чечүү үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын Лейлек жана Ганчи облустары багыты боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалды. Чек ара кызматынан чек арада кырдаал туруктуу экенин жана көзөмөлдө болгонун белгилешти.

«Бизге дагы тынч жашоо керек»

Ал эми социалдык тармактарда окуя болгон күнү тартылган бир нече тасма тарады. Алардын биринде жергиликтүү тургун плотинадан мал-жандыктар өтпөшү үчүн мурда тосмо бар болгонун, бирок коңшу өлкөнүн жарандары аны алып салышканын айтып арызданган.

«Бул жерден мал өтпөсүн деп плотинада тосмо бар эле. Ошону тажиктер алып таштап, бул жерден марш кыла берип бул жакка чейин жол кылып салыптыр. Бул жакка [дарыянын жээгине] эч ким түшө албайт, коркот. Мына бул дөңгө чыгып бизди акмалап отурушат», — деди видеонун автору.

Ошондой эле жергиликтүү тургун мурда Тажикстандын плотинасын «бир кароол менен бир мураб» кайтарууга алганын, ал эми учурда ал жерде коңшу өлкөнүн аскерий базасы жайгашканын белгиледи. Тургундун айтымында, плотинанын аймагында «окоптор казылганын» айтып, аскерлер аймактан чыгарылышын талап кылды.

«Мына ЖККУ аркылуу сүлөшөсүңөрбү, бизге тынчтык керек. Ушул жерде туруп бизди аткылап жатышат. Бирок эч ким бизди, Эски-Оочу айылын эске албайт согуш маалында. Миномёттон атылган октор бардыгынын үйүнө тийиптир», — деди ал.

Андан сырткары видеонун автору «тажик аскерлери куралчан» келгенин айтышып, «балдарыбыздын келечеги үчүн чек араны коргоп турабыз» деди.

«Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев! Элиңизди кор кылбаңыздар мындай, бизде дагы жан бар. Бизге дагы жашоо керек, тынч жашоо керек. Балдарыбыз тынч уктасын», — деп кайрылды бийликке тургундардын бири.

*2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыгып, анын кесепетинен 36 кыргыз жараны каза тапкан — алардын арасында эки жаш бала бар. Мындан сырткары, чек арага жакын айылдардагы 140 үй өрттөлгөн. Кыргыз бийлиги жаңжалдын кесепетинен өлкө 1,3 млрд сом зыян тартканын билдирген.

Декабрь айында чек арада катталган окуялар

2021-жылдын 16-декабрында Баткен районунун Көчө-Бою айылынын аймагында Тажикстандын чек арачылары асманга ок чыгарышкан. Алгач тажик аскерлери айылга кирип келип кыргыз жарандары жүргүзүп жаткан курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. Бул аракеттер кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратып, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Кийинчерээк Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолуккан. Анда кыргызстандыктар курулуш иштерин чек арага жакын аймакта эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзгөнү аныкталган. Мындан улам тажик тарап курал «мыйзамсыз колдонулганын» моюндаган.

Ошондой эле, Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскерлерге «чара көрүлөт» деп ишендирген.

Ал эми 22-декабрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесине жакын Максат — Жаштык унаа жолунда бара жаткан КамАЗга тажик чек арачылары ок чыгарышкан.

Маалыматка ылайык, айдоочу арыктан суу алып жатканда коңшу өлкөнүн үч чек арачысы анын унаасына отуруп Тажикстандын аймагына айдоону талап кылышкан. Айдоочу жолун чек арачылардын коштоосунда улаган.

Көп өтпөй кыргыз жараны анын артында келе жаткан унаанын жолун тосуп, аны «тажик аскерлери алып кетип баратканын» кыйкырып айтууга үлгүргөн. Тажик аскерлери оор жүк ташуучу унаадан качып чыгып, КамАЗдын дөңгөлөгүнө жана алдыңкы айнегине үч ирет ок чыгарган. Мындан улам кыргызстандык айдоочу айнектин сыныктарынан жаракат алган.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеого үч тажик аскери качып бара жатканы түшүп калган. Андан сырткары тасмадан окуя болгон жерде маршрутка токтоп турганын, анын жүргүнчүлөрү талаа жактан кайтып келишкенин көрүүгө болот.

Тасманын автору «тажик аскерлери качып бара жатышат, күзөт мунарадан жолго чейин чыгып келиптир» деп айткан. Ал эми жаракат алган айдоочу качып бара жаткан тажик чек арачылары аны көздөй ок чыгарышканын тастыктаган.

Анын эртеси күнү Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Дахма тилкесинде белгисиз кишилер аңчылык куралдан Тажикстандын жаранынын үйүнө карата эки ирет ок чыгарган. Кыргызстандын укук коргоо органдары окуя боюнча тергөө амалдарын жүргүзүшкөн. Бирок Кыргызстандын аймагында ок атуунун изи аныкталган эмес.

Ал эми 2022-жылдын 1-январында Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагына 13 окоп казылганы тууралуу тасма пайда болгон. Анда окопторду «тажик аскерлери казганын» айтылган, бирок Чек ара кызматы бул боюнча комментарий берген эмес.