УКМК Temirov Live’дын журналисттерин кодулоого тиешеси жоктугун айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Temirov Live’дын иликтөөчү-журналисттерин кодулоого атайын кызматтын тиешеси бар делген божомолдорго комментарий берди. Буга чейин соцтүйүндөрдүн белгисиз колдонуучулары журналисттердин жеке жашоосу тууралуу жашыруун камерага тартылган видеосун чыгарышкан.

УКМК журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун кармалышына, ошондой эле коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына атайын кызматтын «эч кандай тиешеси жок» деп белгиледи.

«Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, “катуу сөздөрдү, эпитеттерди” айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК «Конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырып жатат» деп белгиледи. Ошондой эле, атайын кызматтан «коомдун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшап жатат» деп кошумчалашты.

«УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууларына чакырат», – деп суранышты атайын кызматтан.

Коопсуздук кызматы «коомчулук, өзүн адаштырууга жол бербейт» деп үмүт артарын дагы кошумчалады.

Болот Темировду кармоо жана кесиптештерин андан аркы кодулоо Temirov Live командасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу иликтөөсү жарык көргөндөн кийин болду. Андан кийин белгисиз колдонуучулар журналисттин жеке жашоосу тууралуу жашыруун камерага тартылган видеону жарыялай башташкан.

Бир катар активисттер аталган «видеолорду чыгарууга» укук коргоо орган кызматкерлери менен өлкөнүн атайын кызматтары аралашкан ыктымал деп эсептешет. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди жана ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкага кетирүүнү талап кылышты.

Журналисттерди кодулоо болуп атканы парламентарийлерди дагы ойго салды. Парламенттин 26-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев УКМК журналисттердин жеке жашоосун коомчулукка жарыялап «уят» болууда деп айтты.

Тема боюнча:

Болот Темиров: Бийликтин жашыра турганы бар, ошондуктан бизден коркот

«Артымдын тешигин аңдыгыча, акылын бир экчесе». Болот Назаров УКМКга кайрылды