Болот Темиров: Бийликтин жашыра турганы бар, ошондуктан бизден коркот

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалуусу, жек көрүндү кылуу жана Temirov Live’дын командасын куугунтуктоо «бийликтин жашыра турганы бар болгондуктан» болууда деп эсептейт, себеби журналисттерден коркушат. Бул тууралуу ал «Политклиника» басылмасына курган маегинде айтты.

Ал коомдук пикирди манипуляция кылуу максатында өзүн жана Temirov Live’дын командасынын «жаман аттуу кылган видеону» соцтүйүнгө чыгарышканын белгиледи. Анын айтымында, аталган видеолордо «тыңшоонун» үнжазмалары, анын ичинде милиция алып кеткен компьютерлердеги материалдар колдонулган.

«Негизи, [видеодогу] материалдардын көбү [милиция алып кеткен] ьиздин компьютерлерден алынган. Ал келишимдер, бюджеттер, айлыктар, отёттор — ошол компьютерде болгон. Биздин укук коргоо органдарына эми кантип ишенсе болот, бардык мыйзамдарды тебелеп, “асфальтка кошуп түздөп салуу” деген [буйрукту аткарууга киришишти] [...] Кийин жазасын алышат булар», — деди ал.

Болот Темировду кармоодо укук коргоо органдары редакциянын кеңсесинен бардык омпьютерлер менен техниканы алып кетишкен. Журналисттин айтымында, укук коргоо оргон кызматкерлери технига мөөр чапташкан эмес, жөн гана сериялык номерин жаза коюп алып кетишкен.

Журналисттин айтымында, командасы «манипуляция кылган видеолордун» чыгып кетишине жана башка мыйзам бузууларга байланыштуу сотко кайрылат.

Болот Темировду кармоо жана кесиптештерин андан аркы кодулоо Temirov Live командасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу иликтөөсү жарык көргөндөн кийин болду. Андан кийин белгисиз колдонуучулар журналисттин жеке жашоосу тууралуу жашыруун камерага тартылган видеону жарыялай башташкан.

Бир катар активисттер аталган «видеолорду чыгарууга» укук коргоо орган кызматкерлери менен өлкөнүн атайын кызматтары аралашкан ыктымал деп эсептешет. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди жана ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкага кетирүүнү талап кылышты.

Журналисттерди кодулоо болуп атканы парламентарийлерди дагы ойго салды. Парламенттин 26-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев УКМК журналисттердин жеке жашоосун коомчулукка жарыялап «уят» болууда деп айтты.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын иликтөөсү: Активисттер Ташиев менен Ниязбековдун отставкасын талап кылышты