Бишкекте электр унааларын кубаттоочу түйүндөр ачылды

Бишкектеги бир катар соода борборлордо жана супермаркеттерде электромобилдерди кубаттоочу түйүндөр ачылды. Бул тууралуу 27-январда шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Электр унааларын төмөнкү даректерден кубаттап алса болот:

  • «Томми Молл» соода борбору;
  • «Азия Молл» соода борбору;
  • «Ала-Арча» соода борбору;
  • «Технопарк», Фрунзе гипермаркети;
  • «ЖЭБ», Фрунзе гипермаркети;
  • «Жал», Фрунзе гипермаркети;
  • «ЖЭБ», Глобус гипермаркети;
  • Лев Толстой көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
  • Медеров көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
  • «Интермедиа» бизнес-борбору.

Мэриянын маалыматы боюнча, кубаттоочу станциялар түйүнүн «Элкуб» компаниясы орноткон. Компаниядан «Клооптун» журналисттине станция азырынча сыноо режимде иштеп жатканын жана унааларды бекер кубаттап алса болорун айтышты. Сыноо режимде 9-февралда аяктай турган жаңы жылдык акцияга карата компаниянын жеткилик картасын алгандар гана кубаттай алышат.

«Жакын арада, бир аптанын ичинде дистанттык жеткилик жөндөлүп, андан кийин картасы жок бардык каалоочулар да колдоно алышат, тарифтер жакын арада даяр болот», — деп кошучалашты компаниядан.

Тема боюнча окуңуз:

Балыкчыда электромобиль чыгаруу пландалууда

Президенттин иш башкармалыгынын автопаркы электромобилдер менен жабдылышы мүмкүн